• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Президент ишкерлерди жана инвесторлорду ГЭС курууга чакырды

Аналитика 0

Кыргызстан суунун көлөмү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен 3-орунда турат. Бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн, энергетикалык көз карандысыздыкка жетүүнүн бир жолу өлкө аймагында чакан ГЭСтерди куруу болуп саналат. Чакан ГЭС – бул аз көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыккан гидроэлектростанциялар. Адистер Кыргызстанда чакан ГЭСтерди куруу пайдалуу экенин, курууга көп каражат талап кылынганы менен негизги артыкчылыгы – бул экологиялык жактан таза экендигин белгилешет.

"Чакан ГЭСтердин негизги артыкчылыгы – бул экологиялык жактан тазалыгы. Эгерде каржылык жактан карай турган болсок, Кыргызстанда чакан ГЭСтерди куруу пайдалуу. Биринчиден – рельеф мүмкүнчүлүк берет. Электр энергиясын иштетип чыгууга ыңгайлуу суулар көп. Кошумча өзүн-өзү актоо убагындагы баа менен учурдагы тарифте чоң айырма бар", – деп билдирген тармак боюнча адис Улан Кылычбеков.

Президент Садыр Жапаров 22-июлда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сузак районунда орун алган Көк-Арт жана Токтогул районундагы Кайнама чакан ГЭСтерин ачты. Гидроагрегаттынын кубаттуулугу 6,8 МВт түзүп, жылына болжол менен 25 млн кВт/саат энергия иштеп чыгууга багытталган Көк-Арт чакан ГЭСтин курулуш иштери 2023-жылдын августунда башталган. Ал эми "Кайнама" ААК чакан ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 9,6 МВатты түзүп, жылына 39,2 млн киловат/саат энергияны иштеп чыкмакчы. Бул өндүрүлгөн электр энергиясы менен Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жана Кара-Көл шаарынын бир бөлүгүнүн жашоочуларынын муктаждыгы канааттандырылат.

Бул маалыматта көрсөтүлгөн чакан ГЭСтер тууралуу маалымат берсек, өлкөдө бүгүнкү күнгө чейин Бала-Саруу ГЭСи, Ысык-Ата чакан ГЭСи ишке берилген. Ошондой эле ал ири Токтогул ГЭСинин экинчи агрегатын жана Үч-Коргон ГЭСинин төртүнчү агрегатын ишке киргизүү пландалууда.

Бала-Саруу ГЭСи - 2024-жылдын 21-майында ишке берилген, Бала-Саруу кичи ГЭСи Киров суу сактагычынын төмөнкү бьефинде курулган. Жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератордон турат. Электр энергиясынын орточо жылдык иштеп чыгуусу 92 млн кВт/саатты түзөт. Бул 19 миң абоненттин электр энергиясына керектөөсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бала-Саруу ГЭСин курууга жалпысынан 2,8 млрд сом жумшалды, анын ичинде Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун салымы да бар экендиги белгилүү.

Ысык-Ата чакан ГЭСи - 2024-жылдын 21-июнунда ишке кирген, анын кубаттуулугу 2 МВт. Аталган чакан ГЭС жылына 13,3 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрөт деп эсептелген. "Интек" аттуу фирма курган чакан ГЭСке "Сапат электро" жоопкерчилиги чектелген коому ээлик кылат. Долбоордун наркы маалымдалган эмес.

Курулуш иштери аяктап, ишке кирүү алдында турган чакан ГЭСтер:

  • Исфайрам-1 чакан ГЭСи - Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында курулду. Исфайрам дарыясына курулуп жаткан ГЭСтин кубаттуулугу 4 МВт, сметалык баасы дээрлик 3 млн долларды түзөт. ГЭС ишке берилсе 30га жакын жумуш орун түзүлөөрү болжолдолууда.
  • Белес чакан ГЭСи - Баткен облусунун Лейлек районунда курулган, кубаттуулугу 0,54 МВт.
  • Авлетим чакан ГЭСи – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим дарыясында курулууда, кубаттуулугу 2,6 МВт.
  • Лейлек чакан ГЭСи – Баткен облусунун Лейлек районунда курулууда, кубаттуулугу 10 МВт түзгөн ГЭСти куруу иштерин “Кыргыз Каганат” ишканасы жүргүзүүдө.
  • Курак-Тектир чакан ГЭСи - Ош облусунун Ноокат районуна курулууда, кубаттуулугу 1,2 МВт түзөт.
  • Адын-Үңкүр чакан ГЭСи - Ош облусунун Кара-Суу районунда курулууда, жалпы кубаттуулугу 0,85 МВт.
  • Буйга чакан ГЭСи - Ош облусунун Кара-Кулжа районуна курулууда, кубаттуулугу 6 МВт.
  • Кожо-Кайыр чакан ГЭСи - Баткен облусунда курулууда, кубаттуулугу – 0,3 МВт.
  • Кара-Жыгач чакан ГЭСи - Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда курулууда, кубаттуулугу 1 МВт.
  • Ленинполь чакан ГЭСи - Талас облусунун Бакай-Ата районунда курулууда, жалпы кубаттуулугу 2,3 МВт.
  • Аманат ГЭСи - Чүй облусунун Ысык-Ата районунда курулууда, кубаттуулугу 0,5 МВт.

Курулуш иштери аяктап, ишке кирүү алдында турган чакан ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 140 мегаваттка жакын болмокчу. Мындай ГЭСтердин ачылышын өлкөнүн энергетика тармагындагы жетишкендиги катары баалоого болот. Улуттук экономиканын негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп келген энергетика маселеси эми жаңы энергетикалык объектилерди ишке киргизүү менен өз чечимин табууда. Чакан ГЭСтерди ачуу иш-чарасында президент өлкөдөгү энергетикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн артыкчылыктуу багыты ГЭСтерди куруу экенин белгилеп, бизнесмендерди жана инвесторлорду бул демилгени колдоого жана бул тармактагы долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, "Камбар-Ата-1 гидроэлектростанциясы" ЖАКтын директору Чоробай Акунов 2023-жылы жергиликтүү маалымат сайттарынын бирине берген маегинде өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы абдан жогору экенин белгилеген.

"Өлкө башчы да кытай ишкерлерин жана башка ири инвесторлорду ГЭС куруу боюнча ири долбоорлорго катышууга чакырды. Учурда республиканын дээрлик бардык облусунда чакан ГЭСтердин курулушу жүрүп, бул тармакка кызыккан ишкерлердин саны көбөйүп баратат. Эң негизгиси баа саясатын тууралап, жер маселесин чечип, шарт түзүп бериши абзел. Мындай тенденция ири ГЭСтердеги сууну башкарууга, үнөмдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк болот. Бул жагынан жеңилдиктер бир топ жакшырды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий