• 87
  • 90.55
  • 0.84

Президент: Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн санынын өсүшү үчүн олуттуу кадамдар жасалууда

Президент 0

Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн санынын өсүшү үчүн мамлекет тарабынан олуттуу кадамдар жасалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, 2026-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге финансылык төлөмдөрдү берүү пландаштырылууда.

Алсак:
– төртүнчү балага –100 миң сом;
– бешинчи балага – 600 миң сом;
– жетинчи балага – 1 млн сом;
– сегизинчи балага – 1 млн 200 миң сом;
– тогузунчу балага –1 млн 500 миң сом;
– онунчу жана андан көп балага –2 млн сом берилет.

Белгиленгендей, мындай көп балалуу болгондорду колдоо – келечекте Кыргызстандын бакубаттуулугуна болгон инвестиция болуп калмакчы.

Пикир

Оставить комментарий