• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Президент: Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнө катышкан аталарыбыздын аттары ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүндө турушу керек

Президент 0

Бишкек, 31.09.24. /Кабар/. Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнө катышкан аталарыбыздын аттары ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүндө турушу керек”, - деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 33 жылдыгын жана Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгын майрамдоодо.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

“Ардактуу мекендештер!

Эгемендик күнү менен Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдап жаткан урматтуу кыргызстандыктар!

Биз, Кыргызстан эли, эгемендикке ээ, өз эне тили мамлекеттик тил катары саналган, өзүнүн салттуу маданияты жана өз аймагы бар бактылуу, бирдиктүү элбиз. Мына ушул бакытка, мына ушул дөөлөткө ээ кылган биздин ата-бабаларыбызга миң мертебе ыраазыбыз жана аларга чексиз таазим кылабыз.

Азыркы Кыргызстандын башаты болгон Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси баарыбызга кут болсун! Кара-Кыргыз автономдуу облусунун негизделишинин 100 жылдыгы – бул азыркы Кыргызстандын 100 жылдыгы! Эгемен Кыргызстаныбыз түбөлүк жашасын! Бүгүнкү Эгемендик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Дүйнө тарыхында байыркы эл катары далайлаган доор ичинде ата-бабаларыбыз ушул эгемендик үчүн, ушул көз карандысыздык үчүн баскынчылар менен 100 жылдап бел чечпей, тыным албай салгылашып келген учурлары арбын.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты биздин заманга чейинки 10-кылымда түзүлгөн кыргыз мамлекетинен башталып, андан кийинки кылымдардагы Барсбек бабабыз түптөгөн Кыргыз каганаты, 9-10-кылымдардагы Кыргыз дөөлөтү, андан кийинки кадимки Адыгине, Тагай бийлер, Ормон кан, Алымбек датка сындуу журт уютуп, эл баккан чыгаан журт башчыларынын өз алдынча мамлекет түзүүгө аракети, кийинки 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башындагы агартуу, илим-билим аркылуу жаңыланууга багыт алган кыргыз интеллигенциясынын аракеттери бизге жакшы белгилүү. Бул жерден баса белгилеп айта кетчү нерсе, ата-бабаларыбыздын эгемен, эркин, өз алдынча мамлекет куруу көксөөсү тең жарымы кыргынга учураган Улуттук боштондук күрөшүндө дагы майтарылган эмес!

Эл арасынан кат таанып, чет өлкөлөрдөн окуп, тышкы дүйнөнү көрүп, өз алдынча мамлекет болууну көксөгөн улут лидерлери улуттук иденттүүлүк, өз алдынчалуулук, мамлекеттүүлүк тууралуу идеяларды байма-бай көтөрүп, улам өөрчүтүп олтуруп, коомдун аң-сезимин ойготуп, сабатын жойгонго зор салым кошкон. Демек, ошол кезде эле улуттун кызыкчылыгын коргоого белсенген интеллигенция тобу калыптана баштаган десек жаңылышпайбыз.

Урматтуу замандаштар!

Калабалуу ал учурда 20-35 жаш курактарында Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Жанузаков, Абдыкадыр Орозбеков, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов сындуу дагы башка биздин интеллигенция өкүлдөрүбүз “Акылын азык, каруусун казык кылып”, өзүнчө мамлекет курууга баш-оту менен киришкен. Бирок ошол маалда деле ичтен чыккан ийри жыландар – жеке максатын көздөгөндөр мындай улуу мүдөөлөрдүн өтөөсүнө чыгууга караманча каршы болуп, бут тосушкан экен. Биздин аталар мындай шартта кыргыз башка элдерге сиңишип, акыры жок болуп кетерин алдын ала туюп-билип, улуттун эртеңи, келечеги, бар болмогу деп баштарын баталгага байлап, ички-тышкы душмандар менен өмүрүн тобокелге салып күрөш жүргүзгөн. Коммунисттик партиянын Борбордук комитетине кыргыз деген өзүнчө маданияты, өзүнө тиешелүү жери бар өзүнчө эл деп кайра-кайра кат жазып жүрүп, акыры Кара-Кыргыз автономдуу облусу катары 1924-жылы 14-октябрда бөлүп чыгышкан. Мына ошол чечим менен катар эле кыргыз жеринин географиялык аймагы, чеги да аныкталган. Ал тургай эң алгачкы күндөн тарта автономдуу облустун Борбордук Аппаратын башкарууну кыргыз тилинде жүргүзүү маселесин да коюшкан.

Мүлдө кыргыз элинин көксөгөн тилеги ишке ашкандан бир ай өтпөй жалпы журт жасалып жаткан иштерден кабардар болуп турсун үчүн, ошондой эле ар тараптан агартуу иштерин жүргүзүү максатында, кыргыз тарыхында алгачкы кыргыз тилиндеги басылма – “Эркин-Тоо” гезити жарык көргөн. Ишеналы Арабаев атабыз гезиттин алгачкы санына: “Көңүлдү элжиреткен, эркиндик менен көздү телмирткен биздин тоолорубуз бириктирилип басылманын аты “Эркин Тоо” коюлду, эми эркиндигиңди бек карма, кыргызым!” деп тилек кылып макала жарыялаган экен. Ошону менен тынымсыз аракеттер жүрүп, калк жашаган конуштарды бириктирүү, өнөр жай, айыл чарба өндүрүшүн ташууга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, автономдуу облустун борбору Пишпек шаарында кыргыз темир жолу курулган. Эркиндигине ээ болгон элди агартуу иштери андан ары уланып, туура бир жылдан кийин азыркы улуттук университет башат алган Кыргыз агартуу окуу жайы ачылган. Мына ошентип, өз алдынча мамлекеттин пайдубалы түптөлүп, кышы бирден кыналып олтурган.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Ошол эле аталарыбыздын аракети менен 1926-жылы Кыргыз АССРи, 1936-жылы Кыргыз ССРи түзүлгөн. Бирок туура бир жылдан кийин, тагыраак айтканда, 1937-жылы жалган жалаалар менен катуу камоолор башталып, мамлекет түптөөчүлөрүбүздүн дээрлик баардыгы сталиндик репрессияга туш болгон. Асты атылып, арты азапка кабылып, кыргыз элинин башына каран күн түшкөнү али да эсибизде. Кыргыз тарыхында Сталиндик репрессия кан менен жазылган кара так болуп калды. Каймактары калпынып, кан жуткан кыргыз элин 1941-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуш да айланып өткөн жок. Түйшүктүн баары аялдар менен бала-бакыраларга жүктөлүп, колуна курал кармай ала турган эр жигиттер түгөл согушка аттанган. Бул алааматка катышкан 384 миң кыргызстандыктын 150 миңдей эр-азаматы кан майдандан Мекенине кайтпай калган.

Убакыт зымырап, Улуу Жеңиштен соң капсалаңдуу заман өтүп, өнөр жай, айыл чарбасы, илим-билим, маданият жаатында акырындап өзгөрүүлөр башталган. Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев сындуу аталарыбыздын тушундагы мамлекетибиздеги ийгиликтерибиздин даңазасы арты 15 союздук республикага, асты дүйнө коомчулугуна чейин жеткен. Бул мезгил аралыгында кыргыз журтунун сыймыктуу уул-кыздары: Саякбай Каралаев, Чыңгыз Айтматов, Болот Миңжылкиев, Муратбек Рыскулов, Бүбүсара Бейшеналиева, Чолпонбек Базарбаев, Сүймөнкул Чокморов жана башкалар дүйнө жүзүнө кыргыздын даңкын чыгарышты.

Ардактуу агайын-туугандар!

Совет доору урагандан кийин көз карандысыз, демократиялуу өлкө болуп кайра түзүлгөндөн тарта Кыргыз Республикасы эл аралык коомчулукка эгемен өлкө катары таанылдык!

Ошентип Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшү – бүгүнкү күндөгү Кыргыз Республикасынын пайдубалы болуп калды.

Мына ошондуктан, Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнө катышкан аталарыбыздын аттары ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүндө турушу керек.

Ушундан улам, тарых адилеттүүлүгүн орнотуу максатында, “Азыркы кыргыз мамлекетин түптөгөн аталар жөнүндө” Жарлык чыгардым.

Бир эсе биз мындай кадамыбыз аркылуу максаты бийик улуттар менен атаандаш болууга умтулган ата-бабаларга таазим кылуу милдетибиз. Азыркы тапта өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өсүү темпи барган сайын күч алууда. Улуттук экономика акыркы үч жылда ишенимдүү түрдө 7% өстү. Жаңы аэропорттор курулуп, модернизацияланып, ички жүк ташууну камсыз кылуу үчүн авиалайнерлер сатып алынууда, инвестициялык фонддор түзүлүүдө, пенсия жана социалдык төлөмдөрдүн көлөмү көбөйүүдө.

Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бери дегенде 100 өнөр жай жана 100 социалдык обьекти куруу максатын коюп, четинен ачылышын жасап жатабыз. Жаңы ишкана-заводдор пайдаланууга берилүүдө. Мынакей кечээ сиздер менен чогуу бир топ өнөр жай ишканаларынын, чакан ГЭСтердин жана мектептер менен бала бакчалардын ачылышына күбө болдук.

Мындан сырткары, Камбар-Ата-1 ГЭСи, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири инвестициялык долбоорлордун 1-этаптары жыйынтыкталып жатат.

Азыр өлкөбүз тез өнүгүү жолуна түшүп, улуттук экономикада бир топ бурулуштар болуп, элдин бийликке ишеними артты. Эл аралык олимпиадаларда билимге дегдеген жаштарыбыз, креативдүү атуулдарыбыз, спортчуларыбыз дүйнөлүк бийиктиктерди багындырып атат.

Бир нече жыл мурун мындай ийгиликтер биздин кыялыбызда гана жашап келген эле.

Жайында жергебизге келген абырою жогору Бириккен улуттар уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш мырза Кыргызстандын экономикасын арышы артып бараткан тулпарга бекеринен салыштырбаса керек.

Биз ушундай темпти сактасак, Кыргызстан жакынкы келечекте дүйнөдөгү ийгиликтүү өлкөлөрдүн катарына кирет деген бекем ишеничибиз бар!

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз элинин эркиндиги үчүн, жаркын келечеги үчүн өмүрүн сайган журт аталары: эл баштаган кагандарыбыз, эл сактаган баатырларыбыз, даанышман-көсөм жол башчыларыбыз тууралуу жалпы улут сыймыктана тургандай тарыхыбызды кайра тактап жазышыбыз зарыл. Кыргыз мамлекетттүүлүгүн түптөө идеясын көтөрүп чыккан аталарыбызды кыргыз элинин биримдигинин символу катары жамы журтка кеңири таанытуу – биздин атуулдук парзыбыз! Алардын кажыбас кайраттуу, жыдыбас жигердүү ишмердигин кашкайган фактылар менен ачып көрсөтүү биздин милдетибиз!

Бүгүнкү күндө, айрыкча, тарыхчы, тилчи окумуштууларыбыз мамлекеттүүлүктү, эгемендикти бизге мурас кылган журт аталары жана алардын мүдөөлөш, максатташтарынын ар бири боюнча жаңы көз караштагы илимий иштерди жаздырууну, изилдөөлөрдү жүргүзүүнү колго алышы керек деп эсептейм.

Ал эми коомду агартуу жаатында иш алпарган жалпы эле калемгерлер кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн өз мезгилиндеги опол тоодой эмгектери боюнча интернет мейкиндигин жөнөкөй, түшүнүктүү тил менен контент толтуруусу бүгүнкү күндүн заманы болуп турат.

Маданият, агартуу ишмерлери быйылкы жыл менен эле чектелбей, ар жылы мамлекеттүүлүгүбүздү камсыз кылган тарыхый инсандар, тарыхый окуялар тууралуу спектаклдерди, көргөзмөлөрдү, эл аралык илимий конференцияларды, форумдарды өткөрүп, даректүү жана көркөм фильмдерди тартуусу зарыл. Биз мындай иштерден чыгымдарды аябайбыз.

Анткени элинин эгемендиги үчүн күрөшкөн улуттук лидерлер бизге мыкты өрнөк көрсөткөн чыныгы идеалдар десем жаңылышпаймын.

Мына ошондуктан, биздин келечегибиз болгон урматтуу жаштар, силер мамлекеттик кызматтасыңарбы же саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык тармакта эмгектенесиңерби, айтор, кайсы тармактарда иштебегиле, силер кыргыз мамлекетин түптөгөн аталарыбыздын баскан жолу менен жасаган иш-аракеттерин өзүңөргө үлгү тутушуңар кажет!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

“Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” дегендей, мына ушул жүз жылдын ичинде чоң-чоң ийгиликтер менен кошо кемчиликтерибиз да көп болду. “Жаманы болбой, жакшы жок...” деген сөз бар эмеспи, басып өткөн тарыхыбыздан сабак алып, кетирилген кемчиликтерди жоюуга аракет кылып, наркыбызды бекем сактап, таза ой, таза ниет менен Мекенибизге ак эмгек кылуубуз керек.

Экономика менен маданият куштун кош канатындай катар жүрбөсө, коом деградацияга учурай тургандыгын жакшы билебиз. Мындан ары экономикалык ийгиликтерге жетишүү менен бирге, илим-билим, адабият, искусство тармактарына өзгөчө көңүл бөлөбүз. Анткени улутту улут кылып турган – анын билими менен илими, адабияты менен искусствосу. Ошондуктан өлкөбүздүн билим жаатында жаңычылдыгы менен өзгөчөлөнгөн, илим тармагына жаңылык киргизген, өнөрү менен таанылган таланттуу жарандарыбызды моралдык да, материалдык да жактан колдоого алабыз.

Биздин көп этностуу элибиздин достугу жана биримдиги – мамлекеттик саясаттын негизги өзөгү! Эң башкы байлыгыбыз бул биздин биримдигибиз экенин белгилей кетейин.

Өлкө башчысы катары, мен мамлекеттик башкаруунун баардык деңгээлдеринде эл биримдигин бекемдөөгө, этностор аралык мамилелерди жана ынтымакты чыңдоого, конфессиялар аралык толлеранттуулукту жогорулатууга, экстремизмди болтурбоого багытталган жалпы улуттук комплекстүү системаны түзүп, иш алпаруу милдетин коюп келем.

Ошол эле маалда ар бир атуул этносуна, динине, аймагына жана социалдык абалына карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны катары өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликтүү болуп, Мекенибиздин өнүгүп-өсүшүнө салым кошот деп ишенем.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Мамлекет түптөгөн аталарыбыздын аракети менен бүгүнкү эгемен Кыргызстан жаралганын көкүрөгүбүзгө бекем түйүп, мындан ары биздин мамлекетибиз өз алдынча өнүгүп кетүүгө жөндөмдүү, мүмкүнчүлүгү кеңири эгемен мамлекет болот деген бекем ишенимди, сыймыктанган көз карашты тутунуу менен алдыга умтулушубуз кажет!

Азыр элдин ынтымагы чыңдалып, нарк-насилди ыйык тутуп, намыскөй, бирдиктүү болгондо гана мамлекет өнүгүү жолуна түшөрүн, ар бир жаран мекенчил болуп, бири-бирин колдогондо гана Ата Мекенибиздин абырою артып, Кыргызстандын туусу бийик желбирей тургандыгын баарыбыз жакшы түшүнүп калдык.

Соңунда, жакында табылган архивдик документтер күбөлөгөндөй, Жусуп Абдрахманов атабыздын “Кыргыз элинин аты тарыхта чоң тамгалар менен жазыла турган эл!” деген сөзүн келтирүү менен сөзүмдү жыйынтыктагым келип турат. Демек, кара баштарын садага чаап жүрүп, түптөгөн кыргыз мамлекетибизди ыйык сактагыла деген журт аталарынын аманатын аткаруу – биздин ыйык парзыбыз!

Журт аталары аманат кылган Эгемендигибиз өмүр бою жашасын!

Эгемен Кыргызстандын кызыл туусу түбөлүк желбирей берсин!

Дагы бир жолу Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүнүн 100 жылдыгы менен баарыңыздарды куттуктаймын!

Майрамыңыздар кут болсун!”.

Пикир

Оставить комментарий