• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Президент кол койгон дин жөнүндөгү мыйзам дин тутуу эркиндигин чектебейт – эксперт

Коом 0

Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Бүгүн президент Садыр Жапаров кол койгон “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам азыркы учурда өтө актуалдуу жана зарыл. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине серепчи, теолог Зайырбек Эргешов билдирди.

Анын айтымында, бул мыйзам чечүүгө багытталган көйгөйлөр көптөн бери эксперттер тарабынан талкууланып келет. “Дин жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар мындан 10 жылдан ашык убакыт мурда сунушталган.

Өлкөнүн Конституциясында мамлекеттик жана улуттук кызыкчылыктарга коркунуч жаралган учурда жарандардын айрым укуктарын чектөөгө жол берилүүчү ченемдер бекитилген.

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдагы жаңычылдыктар мамлекеттик коопсуздукту камсыздоого, улуттук кызыкчылыктарды коргоого, диний экстремизм менен терроризмдин алдын алууга, ошондой эле салттуу баалуулуктарды колдоого багытталган.

«Жаңы эрежелер Исламга же дааватка каршы багытталган эмес. Мыйзамдын максаты - диний иш-чараларды өткөрүү тартибин жөнгө салуу. Дааватты диндин негиздерин жакшы түшүнгөн билимдүү адамдар айтышы керек. Ыңгайлаштыруу бир гана ислам агымдарына эмес, өлкөдөгү бардык башка диндерге (христиандык, буддизм ж.б.) тиешелүү», - деп баса белгиледи Эргешов.

Эксперт ошондой эле мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр дин тутуу эркиндигин чектебей турганын кошумчалады. Жаңы эрежеге ылайык, көчөлөрдө жана билим берүү мекемелеринде насаат айтууга, диний материалдарды таратууга тыюу салынат. Эми даават иштери үчүн муфтияттан же анын облустук, райондук бөлүмдөрүндө каттоодон өтүп, жалаң мечиттерде, чиркөөлөрдө жана башка диний ибадат жайларында өткөрүү зарыл.

Ал ошондой эле, мисалы, халифат түзүү идеясын жайылткан радикалдык диний агымдардын өкүлдөрү көчөдөгү үгүттөөдөн пайдаланып калышы мүмкүн экенин белгиледи.

Анын пикиринде кабыл алынган мыйзам келечектеги ондогон жылдарда мүмкүн болуучу коркунучтарды жана чакырыктарды алдын алууга жардам берет. Мындан улам жарандар түшүнүү менен мамиле кылышы керек”, - деп жыйынтыктады теолог Зайырбек Эргешов.

Пикир

Оставить комментарий