• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Президент Кыргызстан – Иран футбол беттешине күйөрмандык кылууда

Президент 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасына Иран курамасы менен беттеште колдоо көрсөтүү үчүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Мамлекет башчы менен бирге стадионго Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле башка жогорку кызматтагы адамдар келишти.

Бул иш-чара өлкө жетекчилиги спортту өнүктүрүүгө жана улуттук командаларды колдоого олуттуу маани берерин дагы бир ирет айгинелейт.

"Президент Садыр Жапаровдун кыргыз футболчуларын колдоо үчүн беттештерге келиши жакшы салтка айланды. Бүгүнкү оюн Кыргызстандын курамасына жеңиш алып келерине ишенебиз", - деп жазды ал.

Эскерте кетсек, беттеш Кыргызстан менен Ирандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши 2026-жылдагы дүйнө чемпиондугунун үчүнчү тандоо раундунун алкагында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий