• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Президент Кыргызстанда дарыгерлердин жетишсиздиги жашыруун эмес экенин айтты

Президент 0

Бишкек, 20.12.24./ Диана Айдарова - Кабар/. Президент Садыр Жапаров курултайда Кыргызстанда дарыгерлердин жетишсиз экени жашыруун эмес экенин айтты.

Өлкө башчысынын айтымында, эгемендүүлүктүн 30 жылында жогорку квалификациялуу дарыгерлердин бардыгы Түркия, Россия, БАЭ сыяктуу чет өлкөлөргө кетип калган.

"Мен өз мекенинде ишин улантып жаткан дарыгерлерди таарынткым келбейт, бирок мыктылары көптөн бери чет өлкөдө иштеп жүрүшөт. Биз дарыгерлерди өлкөдө алып калууга аракет кылып жатабыз. Айлык акыны көтөрүүдөбүз, бирок аларды кармап калууга маянаны жогорулатуу жетишсиз. Биз бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, дарыгерлердин жетишсиздигин акырындык менен чечебиз", - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий