Президент кыргызстандыктарды Эл аралык тоолор күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн кыргызстандыктарды Эл аралык тоолор күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Илимий коомчулуктун ардактуу өкүлдөрү!

Бүгүн, 11-декабрда, айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнөн улам тоолор тушуккан коркунучтарга көңүл бурдуруу үчүн Эл аралык тоолор күнү белгиленүүдө.

Эл аралык тоолор күнүн белгилөө идеясы биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы тарабынан 2002-жылы сунушталган.

Мына ошондуктан тоолордун өлкөсү саналган Кыргызстандын жалпы журтун, бардык мекендештерибизди Эл аралык тоолор күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Жер шарындагы кургактыктын 30%га жакынын тоолор түзөт. Жер планетасынын тоолуу аймактарында дүйнө калкынын 15%дан ашыгы жашайт. Анын ичинде Кыргызстан дагы Борбордук Азия чөлкөмүндөгү мөңгүлөр менен агын суулардын башатындагы тоолуу өлкө болуп саналат.

Тоолор – бул биологиялык ар түрдүүлүктүн, адам баласы жашаган чөйрөнүн, кен байлыктар, мөңгүлөр жана суу ресурстарынын өз ара айкалышкан бир назик экосистемасы. Бардык жерде өсүмдүктөр катмарынын генофондунун начарлашы, жер кыртышынын деградацияга учурашы түрүндөгү тоо экосистемаларына антропогендик күч келүүлөр биологиялык ар түрдүүлүктүн жакырланышына, тоют ресурстарынын түгөнүшүнө жана аймактын чөлгө айлануусуна, экосистемалардын туруктуулугунун бузулушуна алып келет. Муну менен тоо бетинин гидротермикалык режими терең өзгөрүүгө дуушар болуп, кайра жаралуучу суу ресурстары түгөнүү менен коркунучтуу табигый көрүнүштөрдүн пайда болуу ыктымалдыгы жогорулайт.

Аймактардагы көпчүлүк дарыя-сууларда пластикалык буюмдардын, булгоочу заттардын, анын ичинде калктын ден соолугуна өтө коркунучтуу оор металлдардын, пестициддердин, мышьяк кошулмаларынын жана хлордун концентрациясынын көбөйүшү менен тоо экосистемасынын булганышы олуттуу көйгөйдү жаратат.

Азыркы жана келечек муундардын бакубатчылыгы үчүн биз ар бир мүмкүнчүлүктү тоолорубузду сактоо, аяр мамиле жасоого жана аларды туруктуу башкарууга көмөктөшүүгө пайдаланууга тийишпиз.

Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясы Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жөнүндө резолюцияны бир добуштан жактырып, жарыялган. Ал эми Кыргызстанда 2023–2027-жылдар Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланып, бул багытта глобалдык, регионалдык жана улуттук деңгээлдеги иш-чаралар каралган Жол картасы бекитилген.

Мына ошондуктан, мен жалпы кыргызстандыктарды, өлкөнүн илимий коомчулугун келечек урпактарга баа жеткис белек калтыруу максатында жаратылышка, тоолорго аяр мамиле жасоого салым кошууга чакырам!

Элибиздин жаны менен барабар болгон ак мөңгүлүү асман тиреген тоолорубузду сактайлы!”.

Пикир

Оставить комментарий