• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Президент Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаевди кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта жаңы дайындалган Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы жооптуу дипломатиялык миссиясында Элчиге ийгиликтерди каалап, Кыргызстан-Россия стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Президент Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөө боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысына бир катар тапшырмаларды коюп, соода-экономикалык, энергетикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл бурду.

Кубанычбек Боөкөнтаев өз кезегинде Кыргызстан-Россия кызматташтыгын тереңдетүү боюнча пландар тууралуу айтып берип, эки өлкөнүн жана элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун үстүндө активдүү иштөөгө даяр экендигин билдирди.с

Пикир

Оставить комментарий