• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Президент: Мамлекет аймактардын жашоочулары үчүн ипотекалык турак жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт

Президент 0

Бишкек, 21.12.24. /Кабар/. "Мамлекет аймактардын жашоочулары үчүн ипотекалык турак жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт", - деди бүгүн, 21-декабрда президент Садыр Жапаров III Элдик курултайдын жүрүшүндө делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып.

Делегаттардын көбү аймактарды турак жай менен камсыз кылуу, социалдык тармактын кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу тууралуу маселени козгошту.

Мамлекет башчысы учурда облустук маанидеги шаарларда, орто жана ири шаарларда үйлөр курулуп, ошондой эле айыл жерлеринде инфраструктура өнүгүп жатканын айтты. Ал кийин бара-бара ипотекалык компанияга айылдагы үйлөрдү дагы буйрутма берсе, 20-25 жылга бөлүп төлөө менен эски үйлөрдү бузуп, жаңы үйлөрдү салып бергенге мүмкүнчүлүгү жетерин белгиледи.

Президент турак жай менен камсыз кылуу процессин тездетүү үчүн кезекте турган жарандарга нарктын 50%ын төлөп, калган сумманы 15 жылга ипотекага жол-жоболоштуруу шартында кезексиз турак жай алууга мүмкүндүк берүүчү программалар иштелип чыкканын айтты. Мамлекет башчысы мындай программалар турак жай шарттарын жакшыртууга жардам берүү үчүн иштелип чыкканын кошумчалады.

Садыр Жапаров ошондой эле жакынкы күндөрү мурдагы №47 колониянын ордуна турак жай комплексинин курулушунун биринчи этабын аяктоо күтүлүп жатканын, бул дагы миңдеген шаардыктарды турак жай менен камсыз кылууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

2022-жылдан тартып турак жайды бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу үчүн электрондук кезек киргизилген, анда кезексиз "аттап өтүү" деген жок. Жакынкы 2-3 жылдын ичинде бул адамдардын бардыгы үй алышат. Анткени, республика боюнча 40 миңден ашык батирлүү үйлөр курулуп жатат.

Президент ар бир жаранды ыңгайлуу турак жай менен камсыз кылуу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтты. Ал 30 жыл чыдагандарды эми 3-5 жыл кичине чыдап турууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий