• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Президент "Манас айылынын" айланасындагы кайчы-пикирлер боюнча оюн билдирди

Президент 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Би-Би-Синин кыргыз кызматына курган маегинде коомчулуктун учурдагы актуалдуу суроолоруна жооп берген.

Журналист президентке “Бишкектеги “Манас айылын” реконструкциялоо боюнча долбоорго сынак жарыялоонун зарылдыгы бар беле? Мурунку жетекчиси ага убагында сынак болгонун билдирди. “Манас айылынын” аянты кыскарып кеткенин дагы соцтармакта жазган эле” деп суроо узаткан.

“Мурдагы долбоору менен курулушту баштайлы деп жатсак, манасчылар “көп болсо бир ай убакыт кетет, балким мындан да жакшы долбоор сунуштагандар болуп калабы” дешип кайра дагы бир жолу сынак жарыялайлы деген сунушун беришиптир. Макул дедик. Аянты болсо кыскарбастан, тескерисинче, жанынан сегиз гектар жер кошулуп кеңейтилип жатат”, - деди президент.

Эскерте кетсек, буга чейин президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Нуртазин Жетыбаев Бишкектеги "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоонун долбооруна ачык сынак жарыяланганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий