• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбеков: Коррупция менен күрөшүү токтобойт, уланат

Президент 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Коррупция менен күрөшүү токтобойт, уланат, — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда өтүп жаткан маалымат жыйынында.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү коррупция менен системалык күрөш чоң багыттардын бири экендигин айтты.

"Былтыркы Коопсуздук Кеңешинде айтылган сөздөр, реалдуу ишке ашырыла баштады. Азыркы убакта мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелерин жана чыгашаларын декларациялоо жүргүзүлүүдө. Калк үчүн көрсөтүлүүчү кызматтар электрондук форматка которулуп жатат. Жогоруда айтылган товарларды маркирлөө, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу, бажыны санариптештирүү да коррупциялык элементтерди жоюуга багытталган. Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген жаранды коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирди. Патрулдук милициянын кириши менен эл айтып жүргөн МАИ тармагындагы коррупцияга даттанган арыздар азая баштады", - деп билдирди ал.

Өлкө башчысы бул кызматты санариптештирүүгө чоң көңүл бурулуп жаткандыгын айтып, ушул максатты ишке ашыруу үчүн 200 млн сом бөлүнгөндүгүн кошумчалады.

"Дагы бир жагдайды өзүнчө айта кетейин. 2020-жылдын башынан тартып ички иштер кызматкерлеринин, өзгөчө кенже курамдагы милиционерлердин айлыгы 40 пайызга чейин жогорулайт. Эки жылда аймактардагы участкалык инспекторлордун жана балдар менен иштөө инспекторлорун санын 138 ге көбөйттүк. Инспекторлордун санын талапка ылайык келтирип жатабыз. Коррупция менен күрөшүү токтобойт, уланат", - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий