Президент Ош шаардык сотунун мисалында сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-сентябрда, Ош шаардык сотунун мисалында сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева жана Ош шаардык сотунун төрагасы Кадырбек Матисаков сот реформасын ишке ашыруунун жүрүшү жана аталган соттун ишмердигине санариптештирүүнү киргизүү жөнүндө маалымат беришти.

Учурда Ош шаардык сотунун сот жыйындары өтө турган эки залында аудио жана видео жазуу системасы орнотулганы белгиленди.

Ага сот залдарынан видеоконференц байланыш, аудио жана видео трансляция, аларды жазуу, борборлоштуруп сактоо жана соттук жазууларды башкаруу системасы кирет.

Мындан сырткары, Ош шаардык сотунда автоматташтырылган маалымат системасы орнотулуп, толук кандуу иштеп жатат. Мында ар бир иш жана ар бир материал бул программа аркылуу автоматтык түрдө катталат жана судьялардын ортосунда текши бөлүштүрүлөт.

Ошондой эле ыкчам жана оңой издөө үчүн архивдик маалыматтарды санарипке өткөрүү милдети турат.

Президент Сооронбай Жээнбеков соттун ишмердигин санариптештирүүнүн жүрүшүн көрүп, аудио жана видео жазуу системасы менен тыкыр таанышты.

Мамлекет башчысы судьялар жана сот кызматкерлери менен баарлашып, санариптештирүү коррупцияны жеңүүдөгү негизги фактор болуп саналарын, андыктан сот системасына санариптештирүүнү киргизүү биринчи кезектеги маселе болуп жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле санариптештирүү сот реформасынын негизги бөлүгү болуп саналарын, соттордун ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгын жогорулатууга, адилеттүү сот өндүрүшүн камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берерин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Мамлекет башчысы аймактарга болгон бардык иш сапарларында саламаттыкты сактоо, билим берүү, сот системасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары системаларын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышып чыгууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен өлкөнү санариптештирүү экинчи жыл катары менен мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий