• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Баткенде мурда соттолгон үч жаран мал уурдоого шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Баткен облусунда мурда соттолгон үч жаран мал уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Баткен облустук милициясы билдиргендей, милицияга Кадамжай районунун Марказ жана Майдан айылынын тургундары кайрылып, алардын короодо байланып турган малын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин айтып арызданышкан. Алардын арыздары Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Жазык кодексинин 200-беренеси (мал уурдоо) боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Кадамжай райондук милициясынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүшүп, Ноокат районунун 25 жаштагы, Майдан айыл аймагынын 25 жаштагы
жана Үч-Коргон айылынын 28 жаштагы тургунун базар баасы 60 миң сомдон болгон 2 баш бодо малды Халмион базарындагы мал базарда сатып жаткан жеринен кармашкан. Тергөөнүн жүрүшүндө алар жалпысынан 5 факт боюнча 12 баш мал уурдагандыгы, үчөө тең мурда соттолгону такталды. Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми уурдалган мал өз ээлерине кайтарылып берилди", - деп билдиришти облустук милициядан.

Пикир

Оставить комментарий