• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Президент: Сөз эркиндиги жок деген сайттардын өздөрүнүн сөз эркиндиги жок

Президент 0


Бишкек, 20.12.24./ Диана Айдарова - Кабар/. Сөз эркиндиги жок деген сайттардын өздөрүнүн сөз эркиндиги жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, курултайга маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылган. Бирок алар келүүдөн баш тартышты.

"Азаттык Прагадан уруксат сурайын дептир, жыйынтыгында Прага уруксат бербей коюптур. Дина Маслова жетектеген "Кактус медиа" баш тартыптыр. ПолитКлиниканын башчысы айылдамын дептир. Айылда болсо кечээ чыкса, бүгүн деле келип калмак. Баары качты. Сөз эркиндиги жок деген сайттардын өздөрүнүн сөз эркиндиги жок. Тышкы кожоюндарынын айтканынан чыгышпайт",-деди президент.

Ошондой эле, Кыргызстандагы бей өкмөт уюмдарга жана айрым ММКларга чет өлкөдөн канча каражат бөлүнүп жатканына токтолду.

"Дина Маслова жетектеген "Кактус медиа" басылмасы Сорос фондунан 2021-жылы 35 миң доллар, 2022-жылы Интерньюстан 23 миң 185 доллар, Сорос фондунан дагы 22 миң 250 доллар алыптыр. Жыйынтыгында 2 жылда 80 миң 535 доллар алган. "Клооп медиа" боюнча айтсам, менимче ал медиа бирөөгө жалган жалаа жаап, жабылып калса керек эле. 2021-жылы америкалык Демократияны колдоо фондунан 585 миң 500 доллар, 2022-жылы АКШ элчилигинен 25 миң 250 доллар алган. Элчилик эмнеге берип жатканы мага түшүнүксүз. Элчилик мындай маселелер менен алектенбеш керек болчу. Сорос фондунан 9 миң 305 доллар, 23 миң 185 доллар Интерньюстан, 8 млн сом өз ыктыярдуу кайрымдуулуктан алган. Жыйынтыгында 2 жылдын ичинде 643 миң 240 доллар алышкан. "Азаттык" үналгысы 2023-жылы Демократияны колдоо фондунан 2 млн 270 миң доллар, ошол эле фонддон 2024-жылы 2 млн 297 миң доллар алган. Жыйынтыгында 2 жылда 4 млн 567 миң доллар алышыптыр. Кайыргүл Орозбай кызы жетектеген "Говори ТВ" , 2021-жылы америкалык Демократияны колдоо фондунан 34 миң доллар, 83 миң 627 евро алган. Дилбархан Алимова жетектеген ПолитКлиника 2020-жылы 41 миң 800 доллар, 2021-жылы 54 миң доллар, жыйынтыгында 95 миң 800 доллар алган. Ал эми Азиза Абдрасулованун "Кылым Шамы" 2018-жылдан 21 млн 168 миң 608 сом алган. Мына бейөкмөт уюмдардын кылганы. Акчаларды алып, чет элдик кожоюндарына жалган отчет берип, кыйратып жатабыз деп коюшат. А бул жакта кылган иштери жалаа жапмай, ушак таратмай, жамандык издемей, бирөөнүн аброюна далилсиз шек келтирмей. Муну менсиз деле өзүңөр көрүп жүрөсүңөр. Анан ал адамдар сотко беришсе, сөз эркиндигине кысым болуп атат деп кыйкырып чыгышат", - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий