Президент Садыр Жапаров АӨБ вице-президенти Чэнь Шисинди кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде, Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) вице-президенти Чэнь Шисинди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен АӨБ ортосундагы долбоордук-программалык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Мамлекет башчысы АӨБ менен жашыл экономика, энергетика, транспорт, айыл чарба жана суу ресурстарын башкаруу, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү жаатында динамикалуу өнүгүп жаткан кызматташтыкка канааттангандыгын билдирип, бул 2050-жылга чейин өлкөгө көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүсүнө жардам берет.

Аны менен катар Садыр Жапаров билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлорду, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде биргелешкен долбоорлорду реализациялоо үчүн инвесторлорду тартуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, улуттук экономиканын эң аялуу тармактарында антикризистик чараларды ишке ашыруу максатында президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине АӨБдин турукташтыруу фондунан кошумча жардам тартуу маселесин карап чыгууну тапшырды.

Өз кезегинде АӨБ вице-президенти Чэнь Шисинь Кыргызстан АӨБ үчүн маанилүү өнөктөш экенин айтып, Кыргызстандын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү Улуттук программасын ишке ашырууга колдоо көрсөтүү ниетин ырастады. АӨБ вице-президенти ошондой эле ковидден кийинки калыбына келтирүүнү камсыздоого, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган олуттуу социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүү боюнча Мамлекет башчысынын аракеттерин кубаттады.

Пикир

Оставить комментарий