• 87
  • 90.63
  • 0.79

Садыр Жапаров Астанада ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясында сөз сүйлөдү

Президент 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, Астана шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында сөз сүйлөдү.

ЖККУ төрагалыгы 2025-жылы Казакстандан Кыргызстанга өтөт. Сөзүнүн башында мамлекет башчысы биздин өлкө Уюмдун ырааттуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл болгон аракеттерди жасайт, деп ишендирди.

Президент кызматташуунун багыттарына, биринчи кезекте регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча жалпы көз караштарды белгилөө үчүн саясий документтерди кабыл алуу практикасын андан ары колдонуу жолу менен тышкы саясий өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө басым жасады. Садыр Жапаров тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо маселелеринде ЖККУнун ролун күчөтүү үчүн өз ара кызыкчылык жараткан чөйрөлөрдө эл аралык уюмдар жана үчүнчү өлкөлөр менен диалогду улантууга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Кыргызстан эл аралык терроризмге каршы күрөштө КМШ жана ШКУнун профилдик түзүмдөрү менен кызматташууну тереңдетүүгө көмөк көрсөтөт. Мындан тышкары, медиа-мейкиндикте уюмдун позитивдүү образын илгерилетүү боюнча иштер улантылат.

Президент ошондой эле Жамааттык күчтөрдүн даярдыгын жогорулатуу, ченемдик укуктук базаны жакшыртуу, ыкчам жана күжүрмөн даярдыктын биргелешкен иш-чараларын ишке ашыруу, ошондой эле спорттук иш-чараларды өткөрүү аркылуу аскердик түзүмдү мындан ары да өнүктүрүүнү айтып өттү. "ЖККУнун Башкы катчысынын тынчтыкты сактоо маселелери боюнча атайын өкүлүнүн ишмердүүлүгүн активдештирүү аркылуу ЖККУнун тынчтыкты сактоо компонентин өнүктүрүүгө багытталган кадамдарды жасайбыз. Аскер кадрларын даярдоо системасын жакшыртуу үчүн алдыңкы тажрыйба алмашуу маанилүү", - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы, ошону менен кошо аскердик-экономикалык кызматташтыктын натыйжалуулугун ырааттуу жогорулатуу пландарын айта кетти.

"Заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө маалыматтык технологияларды террористтик жана экстремисттик максаттарда пайдалануунун алдын алуу жана бөгөт коюу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү жигердүү алга жылдырабыз. Иштеп жаткан операциялардын алкагында практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз", - деп, Президент 2025-жылы Кыргызстанда Кибер коопсуздук боюнча эл аралык конференция өткөрүү ниетин билдирди.

Бул конференция бул чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча жемиштүү жана мазмундуу пикир алмашууга, жаңы тенденцияларды талкуулоого, актуалдуу маселелерди чечүү үчүн сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Мамлекет башчысы белгилегендей, практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жолу менен баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу дагы бир маанилүү багыт болуп саналат. Мындан тышкары тиешелүү Координациялык кеңештердин ишинин алкагында биологиялык коопсуздук, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүгө көңүл буруу пландаштырылууда.

Президент ЖККУнун парламенттер аралык кызматташтыгын бекемдөө белгиленген максаттарга жетүү үчүн маанилүү механизм болуп саналарын белгилеп өттү. Бул багытта мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү, башка мамлекеттердин парламенттик түзүмдөрү жана эл аралык уюмдар менен парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иштер улантылат.

Садыр Жапаров өз сөзүндө азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарынын контекстинде ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү кырдаалга мониторинг жүргүзүү, талдоо, баалоо жана болжолдоо сапатын жогорулатуу кызыкчылыгында алдыңкы мамлекеттик илимий мекемелердин жана жогорку билим берүү уюмдарынын эксперттик потенциалын бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал жаштардын чөйрөсүндө алардын алдын алуу боюнча чаралардын комплексин андан ары иштеп чыгуу үчүн диверсиялык деструктивдүү идеологиянын таасирине талдоо жүргүзүү зарылдыгына басым жасады. Буга байланыштуу деструктивдүү идеологиянын көрүнүштөрүн ыкчам аныктоо жана талдоо гана эмес, алардын алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды түзүү да маанилүү.

Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров быйылкы жылы ЖККУга ийгиликтүү төрагалык кылган Казакстан тарапка ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Уюмга төрагалык кылып турган мезгилде өнөктөштөр тарабынан ар тараптуу колдоо жана тыгыз өз ара аракеттенүү болоруна үмүт артарын айтты. Ал биргелешкен аракеттер менен гана ЖККУ алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө, чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу каршы турууга, ошондой эле уюмдун аброюн жогорулатууга боло турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий