Президент Садыр Жапаров Бала-Саруу ГЭСинин ачылышына катышты

Президент 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Талас облусунда Бала-Саруу ГЭСинин ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү майрам энергетиктерге гана эмес, Кыргызстандын бардык жарандарына тиешелүү. "Бул жаңы ГЭС бизге көп жыл кызмат кылат деп ишенем. Мен барыңыздарды Талас облусунда жаңы ГЭСтин пайдаланууга берилиши менен куттуктайм", - деди президент.

Садыр Жапаровдун айтымында, бүгүнкү күндө республиканы энергетикалык жактан көз карандысыз өлкөгө айландыруу маселеси биринчи орунга коюлуп, ГЭСтерди куруу маанилүү маселелердин бири болууда.

"Жаңы ГЭСтин ачылышы энергетикалык көз карандысыздыкка гана эмес, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө дагы оң таасирин тийгизет. Жаңы ГЭС бардык талаптарга жооп берип, эң акыркы үлгүдөгү заманбап техникалар менен жабылды. ГЭСтерди куруу боюнча иштер муну менен эле токтоп калбайт, биз Орто-Токой жана Папан суу сактагычтарына дагы ГЭС курууну пландап жатабыз", - деди өлкө башчысы.


 

Пикир

Оставить комментарий