Президент Садыр Жапаров чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда чек арачыларды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

“Урматтуу чек арачылар жана чек ара кызматынын ардагерлери!

Сиздерди бүгүнкү Чек арачылар күнү жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктаймын!

Сиздер чек ара кызматы түзүлгөндөн бери өлкөбүздүн коопсуздугун камсыз кылып, көрсөткөн эрдигиңиздер эгемен Кыргызстаныбыздын тарых барактарында таасын жазылып калды.

Бүгүнкү күндө, дүйнө жүзү ар кандай жаңы чакырыктар менен коркунучтарга туш болуп жаткан кыйчалыш учурда, чек ара кызматынын ролу болуп көрбөгөндөй мааниге ээ болууда. Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу талыкпай эмгектенүүнү, аскерий билимди жана күжүрмөндүк деңгээлди такай жогорулатуп турууну, чыдамкайлыкты, эң татаал шарттарда ыкчам жана туура чечим кабыл алууну талап кылат.

Ушул өңүттө биздин чек арачыларыбыз эл аралык аренада кесипкөйлүктү жана эрктүүлүктү көрсөтүп жатканы сыймыктандырат. Биргелешкен машыгууларга катышуу жана башка өлкөлөрдөн келген кесиптештер менен тажрыйба алмашуу чек ара кызматыбыздын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, эл аралык кызматташтыкты жана аймактагы коопсуздукту чыңдоого жардам берет.

Биз чек ара кызматынын потенциалынын жогорулашы өлкөбүздөгү коопсуздуктун жана туруктуулуктун ачкычы экенин жакшы түшүнөбүз.

Учурда мамлекет тарабынан чек ара кызматынын шарттарын жакшыртууга, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана заманбап техникалар менен камсыздоого бардык аракеттер көрүлүүдө. Чек ара инфратүзүмүн модернизациялоо, жаңы технологияларды киргизүү, аскер кызматкерлеринин турмуш шартын социалдык жактан камсыздоону жакшыртуу иштери улантылууда.

Урматтуу мекендештер!

Чек арачы жоокерлерибиздин Ата Мекенине кан-жанын аябай берилүү менен ак кызмат көрсөткөнү өлкөбүздүн бардык жарандары үчүн үлгү болуп эсептелет.

Чек араны кайтаруу жөн эле кесип эмес, Мекенди көздүн карегиндей коргоого арналган ыйык милдет. Бул кесипти тандап алгандардын баары өз мойнуна жүктөлгөн жоопкерчиликти жакшы түшүнөт.

Алар келечек муундардын өз Мекенин бекем сүйүүгө, ага берилүү менен кызмат өтөөгө тарбиялануусуна ар дайым үлгү боло алышат.

Бул маанилүү күнү Мекенибиздин чек арасын коргоодо өз өмүрүн берген бардык жарандарыбыздын жаркын элесин таазим этүү менен эскеребиз. Алардын эрдиги эч качан унутулбайт, элибиздин жүрөгүндө түбөлүк жашайт!

Чек арачы ардагерлерибиздин узак жылдар топтогон мол тажрыйбасы, терең кесипкөйлүк билими, кылган кынтыксыз кызматы Мекен чегинде турган чек арачылардын баарына баа жеткис сабак, ошондуктан ардагерлерибизге да чоң ыраазычылык билдирем.

Чек арачылар, албетте, мамлекеттин колдоосунда, жалпы коомчулуктун көзөмөлүндө жана эл-журттун сый-урматында. Ошентсе да алардын өзгөчө кесибине, күнү-түнү кылган кызматына күйүп-бышып, кайгы менен кубанычын тең бөлүшкөн үй-бүлөсү, уул-кыздары да өзгөчө ыраазычылыкка татыктуу. Сиздердин мындай колдооңуздар эл үмүт арткан чек арачы жигиттерибиздин ант берип, өтөп жаткан аскердик кызматына чоң дем-күч берет.

Урматтуу чек арачылар!

Ары жооптуу, ары ардактуу кызматыңыздардын ар бир мүнөтү тынч болсун. Мамлекетибиздин, эл-журтубуздун, үй-бүлөңүздөрдүн колдоосу ар дайым эрдиктерге шыктандырсын!

Ант берүү менен тандаган кесибиңиздер, багыт алган жолуңуздар менен ар дайым сыймыктаныңыздар! Көкүрөгүңүздөрдө мекенчилдик сезими өчпөсүн, айкөл Манастын урпагыбыз деген ураан кетпесин!

Кыргызстаныбыздын чек арасы бекем болуп, мамлекетибизде дайыма тынчтык өкүм сүрсүн, күнөстүү өлкөбүз өнүгүү жолунан тайбасын!”

Пикир

Оставить комментарий