Садыр Жапаров визит менен Казакстанга барат

Президент 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 2-3-март күндөрү визит менен Казакстанга барат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди.

Буга чейин Садыр Жапаровду Өзбекстанга, Түркмөнстанга, Кытайга жана Кувейтке келип кетүүгө чакырышкандыгы айтылган болчу.

Эске сала кетсек, мамлекет башчысы Садыр Жапаров 24-25-февраль күндөрү Россияга алгачкы чет элдик иш сапары менен барып келди.

Пикир

Оставить комментарий