• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Президенттин басма сөз катчысы Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу

Президент 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек Президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына болгон алгачкы чет элдик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарий берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына иш сапары бир топ иш-чаралар менен коштолуп, натыйжалуу болду. Андагы жолугушуулардын натыйжалары боюнча Президент иш сапардын алдында белгилеген максаттарга жетишилди.

Аларга Кыргызстан менен ЖККУ жана ЕАЭБдин тышкы чек араларынын коопсуздугун камсыздоонун алкагындагы өнөкөштүктү улантуу, экономикалык кызматташтыкты күчөтүү, анын ичинде жаңы инвестициялык долбоорлорду ачуу, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүгө биргелешкен күч-аракеттер, билим берүү, илим жана маданият жаатында кызматташуу, эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүү, газ жана күйүүчү майдын тарифтик саясаты кирет.

Соода-экономикалык кызматташуу, өнөр жай кооперациясы, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, энергетика жана башка тармактарда бир катар жогорку деңгээлде келишимдерге жетишилди.

Атап айтканда, эл аралык маалымат коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба продукцияларын жеткирүү жаатында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркирлөө системасын түзүү максатында Кыргызстанга кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү боюнча келишимдерге жетишилди.

Мындан сырткары, коронавирус инфекциясына каршы россиялык „Спутник V“ вакцинасын алып келүү боюнча келишим түзүлдү. Андан кийин Кыргызстанда калкты эмдөө өнөктүгү башталат.

Айыл чарба жаатында үстүбүздөгү жылдын март айынын ичинде техникалык жардам иретинде 4530 тонна буудай, арпа, рапс, күнкарама, сафлор, жасмык жана соя сортторунун үрөндөрүн алып келүү боюнча келишим түзүлдү.

Ошондой эле, орус инвесторлорунун коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жаатындагы маселелер каралды.

Аскердик-коргонуу кызматташтыгын улантуу жөнүндө тараптардын макулдашуусу маанилүү маселелерден болду. Тактап айтканда, жакынкы мезгилде С-300 зениттик-ракеталык системаны, чабуулчу учкучсуз учактарды жеткирүү жөнүндө келишим. Бул Россиянын Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБ менен ЖККУнун тышкы чек араларынын коопсуздугун камсыздоодо маанилүү салым болуп калат.

Иш сапардын жүрүшүндө, көгүлтүр отунга жана күйүүчү-майлоочу майга болгон баа саясаты, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусунун ишмердүүлүгү талкууланды.

Гуманитардык-билим берүү долбоорлору жана Кыргызстанда орус тилин сактоо жана өнүктүрүү зарылдыгы ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө маанилүү орунду ээледи. Бул боюнча эки президент тең белгилешти.

Кыргызстандын бардык аймактарында окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 44 мектеп-интернатын ачуу боюнча келишим түзүлдү. Билим берүү мекемелеринин курулушу Россия тараптын колдоосу менен ишке ашат. Мектеп-интернаттарга россиялык педагогдор тартылат.

Россия менен Кыргызстандын ортосунда үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачуу жана авиабилеттердин тарифтик торчосун мурункудай кылып өзгөртүү маселеси көтөрүлдү. Бул маселе стратегиялык мүнөзгө ээ, Россия Федерациясында иштеген Кыргызстандын жарандары үчүн өтө маанилүү.

Дагы бир өтө маанилүү иш чара — Президент Садыр Жапаровдун Россиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусу болду. Жолугушуунун уникалдуулугу мындай иш-чара Кыргызстандын президентинин жумушчу сапарынын алкагында биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгында. Бул Россиянын ири ишкерлеринин Кыргызстандагы өнөктөштөрү менен байланыштарын жолго коюуга жана жаңы инвестициялык багыттарын иштеп чыгууга ачык экендигин айтып турат.

Албетте, бул Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргызстанда ийгиликтүү бизнес жүргүзүү үчүн шарт түзүүгө кызыгуусун жана даярдыгын көрсөткөндүгүнүн натыйжасы.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда орусиялык ири банктардын өкүлчүлүктөрүн ачуу маселеси талкууланды. Бул каржылык кызматташтык жана башка бизнес чөйрөлөр үчүн жакшы белги болуп калаары шексиз.

Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Россияда убактылуу жашап жана иштеп жүргөн мекендештер менен жолугушуусу өзгөчө орунду ээледи. Президен т Кыргыз Республикасынын жетекчилиги тарабынан эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу үчүн бардык мүмкүн болгон чаралар көрүлө тургандыгын ачык айтты. Ошону менен бирге Президент Садыр Жапаровдун негизги милдеттеринин бири — жаңы инвестициялык долбоорлорду, өндүрүштүк жана өнөр жай аянтчаларын ачуу, эмгек мигранттарына Мекенине кайтып келип, үй-бүлөлөрүнүн жанында иштөөгө мүмкүнчүлүк берген жаңы жумуш орундарын түзүү.

Жалпысынан иш сапар ийгиликтүү жана жемиштүү болду деп айта алабыз. Эки тараптын тең жумушчу сапарынын жыйынтыгына, жетишилген макулдашууларга жана пландаштырылган иш-сценарийден тышкары талкууланган жаңы багыттарга канааттангандыгын белгилей алабыз», — деди Галина Байтерек.

Пикир

Оставить комментарий