Садыр Жапаров иш сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

Президент 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда, иш сапары менен Азербайжанга жөнөп кетти.

Мамлекет башчысы бул сапардын алкагында 6-июлда боло турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы “Транспорт, байланыш жана климаттык ишмердүүлүк аркылуу туруктуу келечекти калыптандырууну камсыз кылуу” болуп саналат.

Делегациянын курамындагылар:

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов;
- транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев.

Пикир

Оставить комментарий