• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Парижге келди

Президент 0


Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 9-ноябрда Париж шаарына (Франция) иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын борту «Шарль-де-Голль» эл аралык аэропортуна конду.

Эскерте кетсек, мамлекет башчысы Париж тынчтык форумунун алкагында «Бир планета» саммитинин ишине, ошондой эле ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына катышат.

Мындан тышкары Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий