• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте ноябрда бир катар маанилүү иш-чаралар өтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 10.11.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын түз эфиринде ноябрда Бишкекте өтө турган бир катар маанилүү иш-чаралар тууралуу айтып берди.

Атап айтканда, келерки жумада мамлекет жетекчилигинин, этникалык азчылыктардын өкүлдөрүнүн, көптөгөн коомдук бирикмелердин жана диаспоралардын өкүлдөрүнүн катышуусунда этностор аралык мамилелер темасына арналган “Бирдиктүү эл-Өнүккөн-Өлкө” аттуу жалпы улуттук форум өтөт.

14-15-ноябрь күндөрү Бишкекте учурда Россия Федерациясында, Борбордук Азия, Европа, Азия өлкөлөрүндө жана Америкада жашап жаткан мекендештердин катышуусунда “Мекендештер” аттуу чоң форум өтөт.

Эки күндүк форумдун жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мекендештер кеңешинин жыйыны болот.

Ошондой эле, 20-ноябрга Кыргызстанда “Кыргызстан – конфессиялар аралык ынтымактын жана тынчтыктын өлкөсү” аттуу эл аралык конференция пландаштырылууда.

Мындан тышкары, 22-ноябрда жаштардын көйгөйлөрүн талкуулоого арналган “Кыялымдагы Кыргызстан” жалпы улуттук жаштар форуму өтөт.

Социалдык контракт программасынын катышуучулары түзгөн “Жаңы кадам” социалдык кыймылынын курултайы өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Ноябрдын аягында Министрлер Кабинети гендердик маселелерди талкуулоого арналган атайын жыйын өткөрүүнү пландаштырууда.

Мында аялдарга карата зордук-зомбулуктун резонанстуу учурларын талкуулоого өзгөчө көңүл бурулат.

Пикир

Оставить комментарий