Президент Садыр Жапаров куткаруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда өлкөнүн куткаруучуларын кесиптик майрамы - Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу куткаруучулар!

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Адам баласынын жеке жашоосундагы каш-кабактын ортосунда болуп кетүүчү кырсыктан тартып, жалпы эле техногендик жана табигый апааттарга чейин өз өмүрүн тобокелге салган куткаруучуларга жана ар кандай кыйын кырдаалдарды башынан кечирип, топтогон мол тажрыйбаларын жаш адистерге үйрөтүп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан ардагерлерибизге ыраазычылык билдирем.

Айрыкча, бүгүнкүдөй ааламдашуу маалында дүйнөнүн булуң-бурчунда болуп жаткан сандаган табигый кырсыктар алаканга салгандай айдан ачык көрүнүп турат. Кандай гана кыйчалыш абалдарда, төбө чачты тик тургузган учурларда кирпик ирмеп, буйдалып туруп калбай, башкалардын жанын сактап калууга батыл киришкен куткаруучуларыбыздын каармандыгы, баатырдыгы миңдеп саналат. Мына ошондой оор сыноолор сиздердин эркиңиздерди бүлөп, болоттой курчутту. Азыр ар бир куткаруучубуздун моралдык, физикалык жана психологиялык жогорку даярдыкта экенине бөркүмдөй ишенем.

Мамлекет куткаруучу адистерибиздин ишин ар дайым илгерилетүүнүн үстүндө. Акыркы 3 жылда куткаруучулардын потенциалын жогорулатып, иштөө мүмкүнчүлүгүн түзүү аракети менен алектенип келатабыз. Ушу тапта заманбап үлгүдөгү техникалар менен куткаруучуларыбыздын иштери бир топ жеңилдеп, күжүрмөн даярдыктары кыйла жогорулады. Бүгүн биздин куткаруучуларыбыздын даярдыгы, билими, тажрыйбасы, кадыр-баркы өлкө ичинде эле эмес, эл аралык коомчулукта дагы өстү.

Адам баласы менен кошо айлана-чөйрөнү да коргоп, аларга экинчи жашоо тартуулай билген баатырдык табигый мүнөз тээ ата-бабаларыбыздын каны-жаны менен өтүп келатканын жакынкы өлкөлөрдө, боордош мамлекеттерде болгон кырсыктарда канчалаган өмүрлөрдү куткарып калган учурларыңыздар таасын далилдейт.

Адам өмүрү баарынан кымбат деп, Ата Мекендин бейпилдиги үчүн тикеңерден тик тура кылган ак кызматыңар үчүн калың элдин урмат-сыйына бөлөнүп жүрө бериңиздер.

Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, майтарылгыс эрк, моюгус күч каалайм. Үй-бүлөңүздөр менен бакубат өмүр сүрүңүздөр.

Жараткан ар бирибизди, Ата Мекенибизди ар кандай апаат-кырсыктардан сактасын!".

Пикир

Оставить комментарий