• 87
  • 90.63
  • 0.79

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Сеулга келди

Президент 0

Бишкек, 02.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-декабрда, Корея Республикасына расмий сапар менен келди.

Сеул шаарынын аэропортунда мамлекет башчысын Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Жо Гу Ре жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Кореянын мамлекеттик желектери илинди, килем төшөлдү, Ардак кароолдун ротасы тизилди.

Расмий сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кореянын президенти Юн Сок Ёль жана Кореянын Улуттук ассамблеясынын спикери У Вон Шик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.

Сапардын жүрүшүндө Ассамблеянын президенти жана Глобалдык өсүү институтунун төрагасы, БУУнун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун менен да жолугушуусу болот.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы кореялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий