• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Президент Садыр Жапаров жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырды

Президент 0

Бүгүн өлкөдө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү. "Кабар" агенттиги өлкө башчысы Садыр Жапаровго шайлоого байланыштуу суроо узатып, жооп алды.

— Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич акыркы бир айда эле Сиз шайлоолорго байланыштуу 3-4 билдирүү кылдыңыз. Эмне үчүн бул шайлоолорго мынчалык маани берип жатасыз?

Биз өткөндөн сабак алышыбыз керек. Акыркы 30 жылдык тарыхыбызда 3 жолу төнкөрүш болду. Үчөө тең шайлоолордон келип чыкты.

Мурда бюллетень уурдамай, биринин добушун экинчисине кошуп коймой же бир айылдан экинчи айылга ташып добуш бердирмей, шаарларда болсо карусель кылмай болчу. Муну баарыңар эле көрүп жүргөнсүңөр. Эми мындан ары ушундай одоно мыйзам бузуулар кайталанбашы үчүн биз шайлоо системасын толук автоматташтырдык, электрондоштурдук десек болот. Мындан ары добуштарды адамдар санабайт, аппарат санайт.

Мурдакыдай "Учкундан" миллиондогон бюллетендерди чыгарып алып, региондорго ташып барып, аны суткасы менен бирден милиция кайтарып олтурмай жок. Бюллетенди да шайлоо участогунан аппарат чыгарып берет. Добуш берип, урнага салаары менен урна өзү дароо эле кайсы партияга добуш бергениңди эсептеп коет. Кечинде шайлоо бүткөндөн кийин урна ачылары менен эсеп автоматтык түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын экранына чыгат.

Бирок баары бир эле урнанын ичиндеги бюллетендерди талапкерлердин байкоочулары менен биргеликте комиссиялар кол менен да санап чыгышат. Ар бир шайлоо участокторунда видеобайкоолор турат. Баары Борбордук шайлоо комиссиясында түз эфирде көрүнүп турат. Биздин азыркы шайлоо системабыз КМШ өлкөлөрүндө жок система. Биз эң алдыңкы орундабыз.

Таза, калыс шайлоо болсун деп бийликтики делген партияларды да катыштырган жокпуз. Бул бир чети “Админресурс колдонушту” деген сыяктуу сөздөрдү жаратпай шайлоонун тазалыгына шек келтирбеш үчүн, экинчи жагынан бийликтин партиясы экен деп жергиликтүү чиновниктер мурдагыдай көрүп чуркап баштоосуна жол бербөө үчүн болду. Бул дагы болсо биздин шайлоону таза өткөрүүгө жогорку маани берерибиздин бир белгиси. Мындан ары ыпылас шайлоо дегенге жол берилбейт. Ошондуктан мындан ары шайлоо жасалма болду, менин добушумду уурдап алышты дегенге таптакыр шылтоо жок.

Мына ушинтип шайлоо системасы оңолду. Эми эл өзүңөр оңолгула. Добушуңарды сатпагыла. Добуш сатып алып жаткандарды коргоп чыга калбай, тескерисинче уятын чыгарып, жалпы элге жарыя кылгыла. Ошондо шайлоо маданиятыбыз оңолот. Оңолгонго милдеттүүбүз. Өнүккөн өлкөлөрдөн эмнебиз кем.

Добуштарды сатып алган партиялар же талапкерлер ошол короткон акчаларын беш жыл бою бюджетти уурдап толтурушат. Бюджет бул элдин акчасы. Добуш сатып алгандар беш жыл бою бир күн да эл үчүн деген позиция ойлоруна келбейт. Кантип тендер утсам, кантип жесем деп гана ойлошот. Ушуну эл унутпашы керек.

Ошондуктан ар бир шайлоочу сөзсүз түрдө шайлоого катышышы керек. Кечки саат 20:00гө чейин шайлоо болот. Болгону 10 мүнөт убакыт кетет экен. Мен 10 мүнөттө шайлап чыгып кеттим. Беш жылда бир жолу 10 мүнөттүк убактыңарды аябагыла. Кайсы шайлоо болбосун беш жылга өз тагдырыңды өзүң чечкен шайлоо. Анан кантип өз тагдырыңды чечкен шайлоого 10 мүнөттүк убактыңды аяйсың? Студенттер же шаарларда жашаган айылдыктар үчүн жети облустун борборлорунда 2-3 шайлоо участокторун ачып койдук.

Мисалы облустун борборунда студент болуп айылга бара албай калгандар ошол эле облустардын борборлорунан шайлоого катышса болот. Же борбордо жашагандар алдын ала катталып коюшуп, айылдык кеңештердин шайлоосуна катышса болот. Кыскасы мындан ары шайлоочулардын шайлоого катышуусу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар болот. Ошондуктан шайлоого катышууда активдүү, жоопкерчиликтүү болгула.

Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий