• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Кыргызстанга иш сапары менен келген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле Уюмдун алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Балыкчы шаарында Имангали Тасмагамбетов байкоо салган ЖККУнун Жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрү менен “Өз ара аракеттенүү-2024” командалык-штабдык машыгуулардын ийгиликтүү аяктаганын канааттануу менен белгиледи.

Бул контекстте Садыр Жапаров аскердик-саясий чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу үчүн бул иш-чаранын маанилүүлүгүн айтты. Ал ошондой эле машыгуулардын жүрүшүндө коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө боюнча биргелешкен аракеттер ийгиликтүү иштелип чыгып, ар кандай сценарийлер сыноодон өткөнүн кошумчалады.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров азыркы учурда Кыргызстандын мамлекеттик органдары 2025-жылы ЖККУга өлкөнүн төрагалыгынын приоритеттерин иштеп чыгууда, мында бардык актуалдуу факторлор жана сунушталган маселелердин маанилүүлүгү эске алынарын белгиледи.

ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов өз кезегинде Кыргызстандын жетекчилигине бул маанилүү иш-чаралардын сапаттуу даярдалышы жана өткөрүлүшү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал президент Садыр Жапаровго өткөрүлгөн машыгуулар биздин мамлекеттердин жамааттык жана улуттук коопсуздугуна келтирилген ар кандай чакырыктарга жана коркунучтарга жооп кайтарууга уюмдун жамааттык күчтөрүнүн даярдыгынын жогорулагандыгын көрсөткөнүн маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий