• 87
  • 90.55
  • 0.84

Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапары аяктады

Президент 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун 20-августта Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүнү талкуулады.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров ардактуу конок катары чет өлкөлөрдүн башка лидерлери менен бирге Венгриянын Улуттук башкы майрамын белгилөө иш-чараларына жана Будапешт шаарындагы Улуттук атлетикалык борбордо жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын эркектер арасындагы жарышынын финалына катышты.

Мамлекет башчысы Венгрияга болгон иш сапарын аяктап, 21-августта Бишкек шаарына кайтып келди.

Пикир

Оставить комментарий