• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: Кочкордо чиновниктер ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын башчысы жана Кара-Суу айыл аймагынын башчысынын орун басары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө 2023-жылдын 16-августунда УКМК кызматкерине кылмыш жоопкерчилигинен качкандыгы үчүн 125 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара берүү учурунда Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын башчысы С.М.Т. жана Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын башчысынын орун басары М.К.С. кармалды.

Жогорудагы жарандар Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын аймагынан жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматты каттоо журналына катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган. Ошол эле күнү кармалгандар Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө байланыштуу башка адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий