• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Президент: “Ысык-Ата” курорту жети облустагы дары суулардын ичинен өзгөчө орунду ээлейт

Президент 0


Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы реконструкцияланган “Ысык-Ата” санаторийинин ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы бул окуянын маанилүүлүгүн белгилеп, толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн “Ысык-Ата” курорту жети облустагы дары суулардын ичинен ондун бири катары өзгөчө орунду ээлей турганын айтты.

"Ысык-Ата" санаторийи Кыргызстанда гана эмес, бүт Борбор Азия чөлкөмүндө ысык булактары менен белгилүү. Бишкек шаарынан болгону 78 чакырым узактыкта жайгашкан санаторийдеги кайнар булактарга артрит, полиартрит, гинекологиялык оорулардан, нерв системасы жана тамак сиңирүү органдарынын ооруларынан жабыркагандар байма-бай келишет.

Президент бул санаторий региондогу ден соолукту чыңдоочу эң илгерки жайлардын бири экенине токтолду.

Садыр Жапаров мына ушундай уникалдуу жердин потенциалы эл-журттун, мамлекеттин кызыкчылыгына толугу менен колдонулушу керектигин белгилеп өттү.

Президент Союз маалында курорт активдүү өнүгүп, негизги корпустар жана инфраструктуралык объекттер курулганын, бул анын аймактагы алдыңкы ден соолукту чыңдоо борбору катары калыптанышына өбөлгө түзгөнүн айтты. Эгемендикке ээ болгон мезгилде бул санаторий Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын карамагында болуп, олуттуу оңдоо-калыбына келтирүү иштерине көңүл бурулбай, дээрлик каралбай калгандыктан, 1930-1960-жылдар аралыгында курулган имараттар авариялык абалга келген. Ал тургай Бүткүл Союзга белгилүү болгон курорт талкаланып, тонолуп, жер тилкелери ар кандай жолдор менен менчиктештирилип кеткен. Тилекке каршы, мындай жагдай Профсоюздун карамагындагы бардык курорттордо орун алганын Мамлекет башчысы белгиледи.

Садыр Жапаров санаторий президенттин Иш башкармалыгынын көзөмөлүнө өткөндөн кийин масштабдуу реконструкциялоо жана курулуш иштери башталганын, ошондой эле жеке менчикке мыйзамсыз өткөн объекттер мамлекетке кайтарылганын айтты.

Алгач эле санаторийдин карыздары: салыктык чегерүүлөр, социалдык фондго төгүмдөр, керектелген электр энергиясы үчүн төлөөлөр жана кызматкерлердин эмгек акысы боюнча жалпы суммасы 90 миллион сомдон ашык карыздар төлөнүп, жоюлду.

Президент санаторийдин ишмердигинде ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөшүү үчүн ачкыч карталары бар электрондук тейлөө тутуму киргизилгенин айтып берди. Мындан сырткары, каттоо кеңсеси, 4 ысык булак бассейни оңдолуп-түзөлүп, клиниканын капиталдык ремонту бүткөрүлдү, бир нече корпус реконструкцияланды, имараттарга жаңы эмеректер сатылып алынды. Ошондой эле футбол аянтчасы, балдар ойной турган заманбап аянтча, амфитеатр курулду.

“Кыргызстанда ички туризм тармагында бара турган, көрө турган мыкты жайларыбыз көп. Аларды өнүктүрүү үчүн потенциалыбыз да жетиштүү. Болгону иштин көзүн таап, туризм багытындагы болгон байлыгыбызды туура нукта иштетишибиз абзел”, - деп Садыр Жапаров баса белгиледи.

Президент мамлекеттин карамагындагы “Ысык-Ата” сыяктуу объектилер – элдин байлыгы, андыктан элдин байлыгын жеке жактардын кызыкчылыгына иштетилишине жол бербешибиз керектигин айтты. Ал “Ысык-Ата” курортунун алыскы-жакынкы өлкөлөргө жакшы таанымал болоруна ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы андан кийин “Ысык-Ата” курортун реконструкциялоо иштеринин, анын ичинде корпустарды, аймагын көрктөндүрүүнүн жана инфраструктурасынын жаңылоонун жүрүшү менен таанышты.

Аймакты кыдырып жүргөндө Садыр Жапаров ден соолукту чыңдоочу жайдын кызматкерлери менен баарлашып, алардын сунуштарын жана суроолорун укту.

Кызматкерлер Президентке курорттун масштабдуу өзгөрүшүнө жана ийгиликтүү реконструкциясы үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле эмгек акы боюнча тынчсыздануусун билдиришти. Буга жооп катары Мамлекет башчысы айлык акыны март айына 50 миң сомдон 70 миң сомго чейин көтөрүү пландалып жатканын айтып, бул эмгек шарттарын жана кызматкерлердин бакубаттуулугун жакшыртууга карай маанилүү кадам экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары кызматкерлер санаторийде жашап жана иштеп жаткан 500 үй-бүлөнүн балдары үчүн бала бакча куруу өтүнүчү менен кайрылышты. Президент демилгени колдоп, жеринде компетенттүү адамдарга долбоорду иштеп чыгууга киришүүнү тапшырды, зарыл социалдык инфраструктураны түзүү курортту мындан ары модернизациялоодо артыкчылыктуу болоорун белгиледи.

Аягында президент Садыр Жапаров “Ысык-Ата” курорту дартына даба издеп келгендерге шыпаа бере турган, эс алууга жана Кыргызстанды көрөм деп келгендерди суктандыра турган жайга айланарына үмүт артып, санаторийге гүлдөп-өнүгүү жана ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий