Бишкек, 11.01.18. /Антон Кубицкий - Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков өз ишин актуалдуу багыттан баштап жатат. Бул туура тенденция. Мындай пикирин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоо Жарлыгы тууралуу эксперт Аркадий Гладилов билдирди.
Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Мамлекет башчы 2018-жылдын 9-январында кол койгон “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоо жөнүндө” Жарлык аймактарды өнүктүрүүдө базалык документ болот.
Эксперт билдиргендей, өткөн жылдары башкарууну борбордоштуруу жана аймактарды күчтөндүрүү саясатын жүргүзүүгө карабастан, ар кандай мезгилдерде өлкөнүн экономикалыкжана саясий борборунда бардык адамдык жана каржылык ресурстардын концентрациясына алып келген процесстер жүрүп турган. “Республиканын түштүгүндө калктын жарымынан көбү жашайт. Ошол эле учурда түштүк облустардын жана Оштун республиканын экономикасына кошкон салымы өлкө ИДПсынын 30%нан азын түзөт. Республиканын түштүгү экономикалык жактан аз өнүккөн катары калууда”,- деп билдирди ал.
Эксперт белгилегендей, Жарлык мазмуну боюнча абдан сабаттуу, так позицияда түзүлгөн. “Президент өз ишин аймактарды өнүктүрүү актуалдуу темасынан баштап жатканы абдан маанилүү. Бул абдан туура тенденция. Бул Жарлыкка ылайык быйылкы жылы ишке ашыра турган чаралардын тизмеси дагы схемалуу көрүнүп турат. Бирок документтин айрым пункттарында кээ бир деталдар керек”, - деп эсептейт Гладилов.
Ал акыркы жылдары аймактарды өнүктүрүү боюнча сөздөр көп болгонун, бирок иш жүзүндө аракеттер аз көрүлгөнүн белгиледи.
“Ачыгын айтканда”, - эксперт белгилегендей, - негизги кө йгөй бар – каржылоо. Айрым аймактар мамлекеттин колун караган маанайды көрсөтүшүүдө, ушундан улам борборго күч келүүдө. Албетте, бардык ресурстардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн эки ири Ош жана Бишкек шаарларына туура келет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маселелерди чечүү укуктары чоң болгондугун эске алуу менен өлкөнүн айрым аймактарында “берсе алып отура берүү принцибинен” арылуу керек”.
Эксперт билдиргендей, аймактарды каржылык өбөлгөлөө боюнча пландарды иштеп чыгуу керек. Борбор дагы, белгилүү бир аймак дагы тиешелүү натыйжа алууга мотивация алышы кажет. Ошондуктан каржылык маселеге негизги көңүл буруп, олуттуу деталдаштыруу зарыл.
“Башка маселе – гранттык каржылык түшүүлөргө үмүт кылбоо керек. Бул кечээки күн. Азыркы дүйнөлүк экономикалык жагдайда бул каражат өзүнүн маанилүүлүгүн жоготууда жана ага бел байлоо кажет эмес”,- деп белгиледи Гладилов.
“Аймактык өнүктүрүү мамлекеттик бийлик, жергиликтүү коомчулук, ишкерлик жана жарандык коомдун биргелешкен аракеттери менен максаттарга жетүүнү камтыйт. Бирокфакт боюнча өз ара кызматташуу болгон жок”, - деп жыйынтыктады эксперт.
Пикир
Оставить комментарий