• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кытай айым кантип төрт күндүн ичинде 2 млрд доллар тапкан

Дүр дүйнө 0

Жыл башында эң бай кытай айымы өзүнүн байлыгына дагы 2 млрд доллар кошкон. Кытайдын эң бай айымы эсептелген Ян Хуэйяньдын 23,6 млрд доллары 25,6 млрдга чейин өскөн,-деп билдирет Bloomberg агенттиги.

Агенттиктин маалыматы боюнча, төрт күндүн ичинде айымдын Country Garden Holdings компаниясынын акциялары 2,1 млрд долларга өскөн.

Миллиардерлердин Bloomberg Billionaires Index рейтингинде Ян Хуэйянь 31 орунда турат. Ошондой эле ал Forbes версиясы боюнча 2017-жылда байлыгы бат өскөн адамдардын катарына кирген.

Бул көрсөткүч боюнча алдыга Amazon.com түптөөчүсү Джефф Безос озуп чыккан. Ал өзүнүн капиталын дароо 4,71 млрд долларга жогорулаткан.

Кытайдын эң бай адамдарынын тизмесине кирген Хуэйянь ошондой эле өлкөнүн жаш миллиардерлеринин катарын толуктайт. Bloomberg маалыматына таянсак, Ван Цзяньлинуддан кийинки бешинчи орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий