• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Өзбекстанда депутаттарга улуттук кийим кийгизүү сунушталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.01.18 /Кабар/. Өзбекстандын Улуттук университетинин доценти, Инновациялык технологиялар борборунун директорунун орун басары Мирякуб Хайдаров парламент депутаттары үчүн улуттук салт-санаага негизделген дресс-код киргизүүнү сунуштады.

Доценттин пикиринде, парламент депутаттар европалык кийимдерди кийбеши керек. Ал эл өкүлдөрү жумушта улуттук кийим менен жүрүшү зарыл деп эсептейт. Маселен, жайында жибек чапан, кышында – кыл торко же баркыт чепкен кийүүлөрү керек.

«Мыйзам чыгаруучу палата улуттук стилдеги кийимдердин үлгүсүн бекитет. Жергиликтүү органдар өз аймактарынын кийимдерин кийгени оң. Албетте, ферганалыктар сурхандарыялыктардан айырмаланып турат», – деп жазды Мирякуб Хайдаров Podrobno.uz сайтына жарыяланган макаласында.

Анын пикиринде, өзбектер улуттук баалуулуктарына, салт-санаасына кайтып келүүсү абзел. Ал элге үлгүнү алгач депутаттар көрсөтүшү керек деп эсептейт.

Буга чейин Кыргызстанда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өлкө башчыларын калпак кийүүгө милдеттендирүүнү сунуш кылышкан.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий