• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Президент Жалал-Абадда мунайды кайра иштетүүчү заводду модернизациялоого "мезгил кутусун" салды

Президент 0

Бишкек, 28.09.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү “Кыргыз Петролеум Компани” заводун модернизациялоого “мезгил кутусун” салуу иш-чарасына катышты.

“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому менен “ПетроКыргызстан” (Джерси) жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда “Кыргыз Петролеум Компани” биргелешкен ишканасын түзүү боюнча келишим түзүлгөнү белгиленди. “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому өлкөдөгү нефтини кайра иштетүүчү ири өндүрүштүк ишкана болуп саналат жана үч түрлүү мунай продукциясын өндүрөт: АИ 80 бензин, дизель жана мазут. Бул бүтүмдүн катышуучуларынын ортосунда үлүштөр 50/50 пайыздан бөлүштүрүлгөн. 1995-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен инвестициялык макулдашууга кол коюлгандан кийин, чет өлкөлүк инвестор инвестициялык макулдашуу боюнча милдеттенмелерди каржылоо үчүн инвестициялык каражаттарды, анын ичинде мунай иштетүүчү заводду курууга жана өнүктүрүүгө алгачкы салымды берген. Жалал-Абад шаарында нефтини кайра иштетүүчү заводдун курулушу 1996-жылдын январында башталып, ошол эле жылдын сентябрь айында бүткөрүлгөн. “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАКунун мунайды кайра иштетүүчү заводун көп жылдан бери модернизациялоо зарылчыгы болуп келген, бирок ал иштер максатына жетпей келген.

Мамлекет башчысы чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, бүгүнкү окуя - өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи. Бул долбоорду ишке ашыруу аркылуу Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо менен гана чектелбестен, мунай иштетүү тармагын жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө боло турган олуттуу натыйжага жетишилет.

https://president.kg/news/all/25774

*******

Президент Садыр Жапаров заложил капсулу, символизирующую модернизацию нефтеперерабатывающего завода в г. Джалал-Абад

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров, сегодня, 28 сентября, в ходе рабочей поездки в Джалал-Абадскую область принял участие в закладке капсулы, символизирующую модернизацию нефтеперерабатывающего завода «Кыргыз Петролеум Компани» в г. Джалал-Абад.

Отмечается, что между открытым акционерным обществом «Кыргызнефтегаз» и обществом с ограниченной ответственностью «ПетроКыргызстан» (Джерси) заключено соглашение о создании совместного предприятия «Кыргыз Петролеум Компани». Закрытое акционерное общество «Кыргыз Петролеум Компани» является крупнейшим нефтеперерабатывающим предприятием в стране, производящим три вида нефтепродуктов: бензин АИ-80, дизельное топливо и мазут. Доли между участниками данного соглашения распределены 50/50 процентов. В декабре 1995 года, после подписания инвестиционного соглашения с Правительством Кыргызской Республики, иностранный инвестор внес первоначальные средства для финансирования обязательств по этому соглашению, включая строительство и развитие нефтеперерабатывающего завода. Строительство нефтеперерабатывающего завода в г. Джалал-Абад началось в январе 1996 года и было завершено в сентябре того же года. Необходимость модернизации нефтеперерабатывающего завода «Кыргыз Петролеум Компани» существовала на протяжении многих лет, но эти работы не достигли своей цели.

Глава государства, выступая перед собравшимися, отметил, что сегодняшнее событие является важным для экономики страны. Реализация этого проекта позволит не только обеспечить энергетическую безопасность Кыргызстана, но и достигнуть значительных результатов,

Пикир

Оставить комментарий