Бишкек. 19.01.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Салык кодексине кол койду.
Салык кодекси Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.
Салык кодексинин максаты болуп салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салыктарды администрациялоону оптималдаштыруу, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердик иштерди жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу саналат.
Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексинин тексти тиркемеде.
Пикир
Оставить комментарий