Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, расмий иш сапары менен Түркия Республикасына, Анкара шаарына жөнөп кетти.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчысын төмөнкүлөр коштоп кетти:
— Кыргыз Республикасынын Президентинин жубайы Айгүл Жапарова;
— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
— Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов;
— Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;
— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
— Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев;
— инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов;
— саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;
— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
— коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов;
— айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев.
Пикир
Оставить комментарий