• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Президент Жээнбеков Россияга иш сапары менен барды (Фоторепортаж)

Президент 0

Бишкек, 15.06.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 14-июнда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Россиянын Москва шаарына иш сапар менен барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушуп, аны менен эки тараптуу мүнөздөгү жана ЕАЭБдин алкагындагы актуалдуу маселелерди талкуулады.

Мындан тышкары Мамлекет башчысы Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана «Обелиск» москвалык издөө отрядынын өкүлдөрү менен жолугушту. Алар Мамлекет башчысына Ош облусунун Алай районунан Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокер Балтабай Борошевдин 2006-жылы табылган медальонун, курунун кемерин жана «Өлбөстүккө кадам» («Шагнувши в бессмертие») медалын анын туугандарына өткөрүп берүү үчүн тапшырышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков бир катар мамлекет башчылары менен биргеликте футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышты.

Пикир

Оставить комментарий