• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президент: Жакында “Мекен чакырыгы” аттуу акы төлөнүүчү коомдук жумуштар программасы ишке кирет

Президент 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Экономиканын бир нече тармактарын өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан жигердүү дем берүүдөн тышкары, жакынкы апталарда өлкө боюнча “Мекен чакырыгы” аттуу акы төлөнүүчү коомдук жумуштар программасы да ишке кирет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына жазган.

Анын айтымында, программа жүз миңдеген жарандарды Кыргызстанды жакшыртууга салым кошуусуна жана үй-бүлөлөрүн камсыз кылуусуна шарт түзөт.

“Калктын аялуу катмары: жалгыз бой калгандар, жетимдер жана кары-картаңдар социалдык камсыздоо органдарынан болушунча колдоо алышат. 1-апрелден баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендердин айлык акылары көтөрүлөт. Эң башкысы - азыр дүрбөлөңгө түшпөй, сабырдуу болуу. “Өлбөгөн жанга жаз да келет” деп ата-бабаларыбыз айткандай, жергебизге жаз да келди. Убактылуу ар кандай кыйынчылыктарды чогуу жеңебиз. Мамлекет эч кимди көңүл сыртында калтырбайт”, - деп жазат ал.

Пикир

Оставить комментарий