Президент Жээнбековдун Чүй облусуна болгон иш сапарынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 16-июлда Мамлекет башчысы Чүй облусуна кыска мөөнөттүү иш сапарына барып келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Чүй районундагы медициналык беткаптарды өндүрүүгө кыска убакытта кайра профилдештирилген «Текстиль транс» ЖЧКсы текстиль фабрикасынын ишмердиги менен таанышты.

Фабриканын өндүрүш кубаттуулугу бет каптардын түрүнө жараша, күнүнө 100 миң даанага чейин бет кап чыгара алат.

Учурда линияларды ишке киргизүү үчүн бардыгы даяр, бирок тиешелүү мамлекеттик органдардан продукцияны өндүрүү үчүн сертификаттарды алууда маселе жаралууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков медициналык каражаттарды толук кандуу чыгарууга тоскоол болгон маселелерди чечүү Өкмөткө сунушталарына ишендирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле Ысык-Ата районундагы осетр икраларын, форелден ар кандай продукцияларды жана чала фабрикаттарды өндүргөн «Аква Сервис» ЖЧКсы балык чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Өндүрүлгөн продукция ички рынокко сатылат, ошондой эле Россия жана Казакстан рынокторуна дагы экспорттолот.

Ишкананын жетекчиси Ренад Досаев өлкөдөгү балык чарбасынын өнүгүү динамикасын жана акыркы жылдары мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоону канааттануу менен белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет мындан ары дагы аймактардагы экспортко жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган ишкерликти өнүктүрүүгө жана өндүрүштү кеңейтүүгө көмөктөшөрүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий