• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Президент жергиликтүү кеңештердин сандык курамын бекитти

Президент 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 19-сентябрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам жергиликтүү кеңештердин сандык курамын белгилейт:

– Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештерине – 51 депутат;

– шаардык жана айылдык кеңештер:

20001ден 70000ге чейин - 31 депутат;

70001ден жана андан жогору - 41 депутат.

Пикир

Оставить комментарий