• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Президенттин администрациясы Конституциялык соттун чечимин кайра кароо тартибин киргизүүнү сунуштоодо

Коом 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Президенттин администрациясы Конституциялык соттун чечимин кайра кароо тартибин киргизүүнү сунуштоодо. Тиешелүү мыйзамдын долбоору өлкө башчысынын расмий сайтында коомдук талкууга коюлду.

Бул үчүн “КР Конституциялык соту жөнүндө” КР конституциялык мыйзамы 52-1-берене "Конституциялык соттун чечимин кайра кароо" менен толукталат. Анын мазмуну төмөндөгүчө:

1. Конституциялык сот өзүнүн чечимин төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча кайра карашы мүмкүн, эгерде:
1) чечим кабыл алууга негиз болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченеми өзгөрсө;
2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;
3) чечим Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

2. Конституциялык сот чечимди кайра кароо жөнүндө токтомду чыгарат, анда ал чечим жокко чыгарылат.

3. Конституциялык соттун чечимин кайра кароо жөнүндө маселени кароонун тартиби Конституциялык соттун регламенти менен аныкталат”.

Пикир

Оставить комментарий