• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Президенттин чакырыгын улай Кант шаарынын мэриясы Ысык-Ата дарыясынын жээгин тазалашты

Аймак 0


Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Президенттин чакыруусун улай Кант шаарынын мэриясынын кызматкерлери Ысык-Ата дарыясынын жээгин тазалашты. Бул тууралуу мэр Улан Майлибашев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мэриянын кызматкерлери президент Садыр Жапаровдун жаратылышка аяр мамиле жасоо демилгесин үлгү катары кабыл алышкан.

Ошентип, муниципалдык кызматкерлер "Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот” ураанын астында Ысык-Ата дарыясынын жээгин таштандылардан тазалоо менен Кыргызстандын жаратылышын келечек муундарга сактап калууга умтулушарын белгилешти.

Бул демилгени колдоо сунушун Кант шаарынын мэриясы Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын аппаратына узатты.

Пикир

Оставить комментарий