• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Президенттин кубогу - 2024: Чолпон-Атада көк бөрү боюнча мелдештер башталды

Спорт 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Бүгүн, 28-августта Чолпон-Атадагы ат майданда көк бөрү боюнча Президенттин кубогуна арналган турнир башталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, турнир Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу бир гана лиганын алкагында, олимпиадалык системанын негизинде өткөрүлүп жатат.

Мелдешке жалпы 14 курама команда катышууда. Алар: Ак-Суу, Алтын-Альянс, Ак-Илбирс, Ысык-Ата, Казарман, Ала-Арча, Талас шаары , Бапа Барскоон, Бийиктик, Ичке-Суу, Асанбек-Ата, Кара-Ой, Шахтёр жана Чүй-Токмок командалары.

Мелдеш департаменттин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана КР Көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий