• 87
  • 90.41
  • 0.84

Президенттин тапшырмасы менен ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтей турган мамлекеттик комиссия түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, ЖЭБдеги өзгөчө кырдаалдын келип чыгуу себептерин изилдөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Комиссияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жетектейт.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин маалыматына караганда, 100дөн ашык куруучу борбор калаадагы ЖЭБдин бузулган жерлерин калыбына келтирүүгө киришти.

"Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдын алдын ала себептери жарыяланды, атап айтканда, окуяга бир нече факторлор кошулганы белгиленди", - деп айтылат министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тараткан расмий маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий