• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Президенттин Өзбекстанга болгон сапарынын алкагында 12 документке кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Бүгүн, 18-июлда президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын президенттеринин биргелешкен билдирүүсү;

2. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы жашыруун маалыматтарды алмашуу жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;

3. 2006-жылдын 3-октябрындагы Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;

4. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен Өзбекстан Республикасынын Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин ортосундагы курулуш иштери жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;

5. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Өзбекстан Республиканын президентине караштуу Мамлекеттик кызматты өнүктүрүү агенттигинин ортосундагы мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө протокол;

6. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Маданият министрлигинин ортосундагы маданият жана искусство жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;

7. 2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы айыл чарба жана азык-түлүк менен камсыздоо тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча “Жол картасы”;

8. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жана жакырчылыкты азайтуу министрлигинин ортосундагы эмгек, ишке орноштуруу жана миграция жаатындагы ниеттер жөнүндө протокол;

9. 2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча практикалык иш-чаралардын планы («Жол картасы»);

10. 2017-жылдын 5-сентябрындагы 2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэриясы менен Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарынын мэриясынын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы;

11. Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту менен Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык жана региондор аралык изилдөөлөр институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

12. Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ортосундагы 2024-2030-жылдарга Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү боюнча иш-чаралардын планы.

Пикир

Оставить комментарий