• 87
  • 90.41
  • 0.84

Профессор Т.Кадыровдун 60 жылдыгына арналган республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өттү

Аймак 0

Бишкек, 12-май /Кабар/. ОшМУда 12-май күнү Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында Октябрь социалисттик революциясынын 100 жылдыгына жана окумуштуу-тарыхчы, ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Турдумамат Кадыровдун 60 жылдыгына арналган “Тарых - улуу тарбиячы: тарых илиминин жана тарыхый билим берүүнүн учурдагы көйгөйлөрү” деген аталыштагы республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.

Конференцияны ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков ачып, маараке ээсин жамааттын атынан куттуктап, университеттин өсүп-өнүгүүсүнө, жаштардын татыктуу таалим-тарбия алуусуна кошкон салымы, сиңирген эмгектери жөнүндө сөз сүйлөдү. Ошондой эле профессор Турдумамат Кадыровго ОшМУнун Ардак грамотасын, акчалай сыйлыгын тапшырды жана конференциянын ишине ийгилик каалады.

Конференцияга республиканын бардык аймактарынан белгилүү окумуштуулар, ЖОЖдордун ректорлору, университеттин профессордук-окутуучулук курамы катышышты.

Жыйында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кеңеш Усенов Т.Кадыровго “ЖАМУнун Ардактуу профессору” наамын, Ош мамлекеттик юридика институтунун ректору Эгемдерди Токторов “ОшМЮнун ардактуу профессору” наамдарын тапшырышты. Ошондой эле белгилүү окумуштуу тарыхчылар Тынчтыкбек Чоротегин, Кыяс Молдокасымов жана бир топ окумуштуулар жана коомдук ишмерлер, ОшМУнун тарых факультетинин жамааты сөзгө чыгып Турдумамат Кадыровдун адамдык бейнесине, билим берүү, илимге кошкон салымдары боюнча баяндап, куттуктоолорун жолдошту.

Пленардык жыйында тарых илимдеринин кандидаты, профессор Ж.Адилбаев “Профессор Т.Д.Кадыровдун өмүр таржымалына сүртүмдөр”, тарых илимдеринин кандидаты, профессор КРдин УИАнын мүчө-корреспонденти А. Асанканов “Июньские межэтнические конфликты 2010 г. в г. Ош, некоторых районах Ошской и Джалал-Абадской областях глазами различных комиссий” деген аталыштагы баяндамаларын жасашты.

Конференциянын кийинки бөлүгү секциялык отурумдарда уланууда.

Пикир

Оставить комментарий