• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштун мэри санитардык-карантиндик блокпосттордун ишин күчөтүү тапшырмасын берди

Аймак 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 23-мартта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы менен биргеликте Ош шаарына кире берүүчү жолдорго коюлган 7 блокпосттордогу иш-аракеттер, көзөмөлдөрдү жеринде көрүп, күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну тапшырды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шаар башчысы күч түзүмдөрүнө эл арасында түшүндүрүү иштерин тездетип, көзөмөлдөөчү жайлардын иштерин күчөтүү талабын койду.

“Жарандар туура түшүнүү менен кабыл алыш керек. Көзөмөл күчөтүлөт. Мунун баары элдердин ден соолугу үчүн”, - деген мэр.

Шаар башчысы санитардык-карантиндик посттордогу тургундар менен да жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ошондой эле шаар башчысы күчөтүлгөн тартиптен тышкары тийиштүү кызматтарга коргоочу каражаттар жана тамак аштар менен камсыздоо тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий