• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалал-Абадда геомурас жана экологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Кербен шаарында “Жалал-Абад облусунда геомурас жана геопарктарды өнүктүрүү” аттуу туристтик форум өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарынын башчылары, эл аралык ЮНЕСКО уюмунун өкүлдөрү, геопарктар боюнча ата-мекендик жана эл аралык эксперттер, коомдук ишмерлер жана туристтик чөйрөдөгү ишкерлер катышты.

Форумдун катышуучулары Жалал-Абад облусундагы геопарк статусун алуу мүмкүнчүлүгү бар объекттердин абалы, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин алдын алдуу, коргоо багытындагы аракеттерди талкуулашты. Мындан сырткары, тийиштүү адистер өлкөдөгү башка геопарктардын ишмердүүлүк тажрыйбалары менен бөлүштү.

Форум геологиялык мурас, экологиялык туруктуулукту сактоо, облус аймагындагы жашыл туризмди өнүктүрүү максатын көздөйт. Ал GIZтин "Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү" программасынын алкагында "Дестинация Жалал-Абад" коомдук бирикменин демилгеси менен уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий