Прокуратура өкүлдөрү “Кыргызстандагы ишкерлердин укуктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүү” аттуу вебинарга катышты

Коом 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. КР Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү "Борбор Азиядагы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жана ачык-айкындуулукту жакшыртуу" долбоордун алкагында Европа Кеңеши тарабынан уюштурулган "Кыргызстандагы ишкерлердин укуктарын коргоонун механизмдерин өркүндөтүү" темасында вебинарга (онлайн конференция) катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, конференцияга Европа Кеңешинин эксперттери, КР өкмөтүнүн аппаратынын, Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин, Экономика жана финансы министрлиги, Бизнес-Акыйкатчысы институту жана Бизнес ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты.

Онлайн конференциянын жүрүшүндө, КР Башкы прокуратурасынын бөлүм башчысы А.Мурзаев прокуратура органдары тарабынан ишкерлердин укуктарын коргоодо көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле ишкерлердин укуктарын коргоо жаатында Бизнес Акыйкатчынын алдыдагы эл аралык тажрыйбасынын презентациясы көрсөтүлүп, учурдагы ченемдик укуктук базага, ишкерлердин укуктарын коргоо тажрыйбасына жүргүзүлгөн эксперттик сунуштар менен талдоолор көрсөтүлдү. Мындан тышкары Бизнес-Акыйкатчысы менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишкерлердин укуктарын коргоо жаатындагы ведомстволор аралык кызматташтыгын өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Онлайн түрүндө өткөрүлгөн иш-чаранын аягында Башкы прокуратура тарабынан ишкердиктин субъектилерине текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн электрондук версиясын (онлайн платформасын) иштеп чыгуу жагы сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий