• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Прокуратура мамлекетке Бишкектеги №52 бала бакчанын имаратын кайтарып берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Прокурордук жооп кайтаруу актысы боюнча Бишкек шаарындагы №52 бала бакчанын имараты мамлекеттик менчикке кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган имарат 1995-жылы “Г.” Кыргыз-Гонконг авиакомпаниясына “Э” акционердик коомунун карызын төлөп берүү үчүн өткөрүлүп берген. Андан соң имарат бир нече жолу сатылган. 2011-жылы имараттын ээси өкмөттүн алдындагы тышкы соода жана экономикалык кызматташтык башкармалыгынын өкүлчүлүгү болгон.

Бала бакчаны менчиктештирүүдөгү мыйзам бузуулар эске алынып, Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы доо арыз жазган. Ал Бишкектин райондор аралык сотунун чечими менен канааттандырылган.

Буга байланыштуу 2018-жылдын 2-октябрында Свердлов райондук прокуратурасы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна аталган бала бакчаны мамлекеттик менчикке кайтаруу боюнча чара көрүү тууралуу буйрук чыгарган.

Прокурордук жооп кайтаруунун акты бала бакчанын имаратын кайтаруу жана 54 миллион 519 миң сом нарк менен мамлекеттик баланска кабыл алуу жолу менен аткарылган.

Пикир

Оставить комментарий